Коом

60 жаштагы чалым жаш кызды алам деп айламды кетирип жатат

Бирге жашаганыбызга кырк жыл болуп, небере жытып жыттан калганда чалым кайрадан жашарып жатканы мени оңтойсуз абалга салып жатат. Эки кыз төрт уул тарбиялап баарын турмуштан өз ордуна отургуздук. Эми небере жытын жытап, аларды жетелеп, алар менен бирге бала болуп бактылуу карылыкты өткөрөрдө балдарымдын алдында биринчи жолу ушунчалык сынып жер карап отурам. Отуз беш жыл мектепте мугалим болуп иштеп балдарды тарбиялап алардын ата-энелеринин алдында да ушунчалык жер караган эмес элем. Чалым алтымышка чыкканы менен элүүгө эми келгендердей алып жүрөт. Кудай ушундай ден соолуктан айырбасын. Эми чалым балдарды көзгө илбей 28 жаштагы кызды колтуктап көчөдө басып калды. Башында балдар көрөт кой дегеним текке кетип эми балдарга көрсөтүп апаңар болот деп алар менен дагы мамилесин бузуп бүттү. Кыздын атасы эми элүүго чыгат экен. ал болсо топурагымды түйуп бердим деп кызынан баш тартып койду. Эми эмне кылам билбей калдым. Элден уялбайсынбы десем  Бакир уулу деле меникинен жаш кызды алды го деп оозумду жапты. Келинимдин көзун тике карай албай чунчүп кеттим. Уулум болсо түнт тартып үйдөн кут учуп турат. Эми кантем?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *