Саясат

Жылдыз Жолдошева: “Абылгазиев бүгүнкү Энелер күнү менен Кыргызстанды ” Энеңди…! ” деп куттуктаган турбайбы”

15-майда  Жогорку Кеңештин жыйындар залында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин “Энеңди…” деп сөгүнүп олтурганы өтө уят иш. Биринчиден, Абылгазиев антип сөгүнгүдөй, тарбия көрбөгөн көчөдөгү бир ээнбаш эмес, мамлекеттеги эң жооптуу кызматта олтурган адам. Башкаларга үлгү көрсөтө турган киши. Премьер-министрликке миңдеген адамдардын ичинен тандалып суурулуп чыккан, идеалдуу, үлгүлүү киши иштеши керек. Экинчиден, Абылгазиев сөгүнгөн жер көчө эмес – өлкөдөгү эң жогорку бийлик олтурган жыйындар залы”, – деп билдирди кечээ, 16-майда экс-депутат Жылдыз Жолдошева.
 
“Өлкөнүн биринчи “лицолорунун” айткандары дароо үлгү катары жаштардын арасына жайылат, мына социалдык тармактарда жаштар эки күндөн бери “Энеңди…” деп эле жайылтып жазып жатышат. Анткени премьер-министр айтса демек бизге деле боло берет экен деп ойлоп жатышат да. Былтыр Алмаз Атамбаев парламентти “чимкирик” деп койду эле эми жаштардын баары парламентти “чимкирик” айтып калышты. Бирок ошол “чимкирик” парламентти Атамбаев өзү алып келбеди беле? Ар бир партиянын тизмесин өзү текшерип, бекитип бергенин мээсинде бүдүрү барлардын баары билет. Телеканалдардын бирине “Абылгазиев энелерден кечирим сурап койсо болмок” деп айтып койсом, анын тарбия көрбөгөн тарапкерлери, туугандары, жердештери кайра мага асылышат. Бул алардын деңгээлин көрсөтүп турат… Дегеле мен андай эркектерге айтып койсом дегем: силер маани бербегениңер менен энелерге бул “Энеңди…” деген сөз аябай катуу тиет. “Эненди…” деген сөз оозунан чыккан богооз эркектер энелердин назарынан калат, муну бөркүңүздөй көрө бергиле. Абылгазиев бүгүнкү Энелер күнү менен Кыргызстанды “Энеңди…!” деп куттуктаган турбайбы”, – деди Жылдыз Жолдошева

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *