Айдана Деканынын бир тууган агасы жубайы менен ажырашып кетти
09-бугу, 2020-ж // //Айдана Деканын бир тууган агасы, ырчы Канат Деркембаев жубайы менен ажырашканын Инстаграм баракчасы аркылуу ачыктады.Ырчы мырза жеке жашоосу боюнча суроолор көп келип жаткандыктан бул постту жазууну туура көргөн:
“Бүгүнкү менин постум башка постторумдан айырмаланат. Себеби сиздерден менин жеке жашоом, үй-бүлөм туурасында абдан көп суроолор келип жатат. Андыктан бүгүн ошол нерсеге чекит коёюн деп чечтим. Жашоо-турмушта өйдө-ылдый болот экен. Баардыгы биз ойлогондой болсо гана? Биз эки жылдан бери чогуу жашабай калганбыз. Быйыл жубайым менен үй-бүлөлүк жашоо жолубуз эки тарапка бөлүнүп, мыйзам түрүндө ажырашып кеттик. Айта берсем сөздөр көп! Туура түшүнүңүздөр!
Эми мага үй-бүлөлүк абалым туурасында суроолоруңуздар токтойт деп ойлойм жана өтүнөм! Чоң рахмат!”.