5000 литрден ашык алкоголь, мыйзамсыз алынып келинген

5000 литрден ашык алкоголь, мыйзамсыз алынып келинген

21-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

КР УКМК тарабынан Чуй облусунун аймагындагы ЕАЭБдин товарлары үчүн чек ара бекеттери аркылуу товарларды мыйзамсыз ташып келүүнү аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш — чараларынын натыйжасында, «К.Ф.А.» ЖЧКсы тарабынан 5000 литрден ашык өлчөмдө алкоголдук продукция мыйзамсыз ташылып келинген  фактысы аныкталды.

Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз  Республикасынын аймагында курамында спирт бар продукцияны сактоого жана сатууга тиешелүү уруксат кагаздарынын болушу, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын өлчөмү такталууда.

Булак; Аргумент кж