5-мартта митинг уюштургусу келген Замира Сыдыкованын уулу курал-жарак бизнеси менен шугулданабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Балапан уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары бала деле ата-энесинин баскан-турганы, жасаган кадамдарынан таалим-тарбия алат. Замира Сыдыкова аттуу жарым-жартылан журналист, жарым-жар-тылай бейөкмөтчү айым бар экенин жакшы билебиз. Акаевдин маалын-да оппозициячыл болуп журуп, кийин К. Бакиевдин маалында Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп кеткен. 2005-жылдан 2010-жыл-га чейин ушул кызматты аркалаган. Анан Бакиевдер өз элинен куулуп. Сыдыкова да кызматсыз калгандан бери кийинки келген бийликти сындап эле басыга жүрөт. Ушул жылдын 5-мартында өлкөбүздүн Жогорку сотунун имаратынын алдына жана
жер-жерлердеги соттдрдун имаратынын алдына масштабдуу нааразычылык акциясын өткөрөбүз деген уюштуруучулардын катарында жургөн. Ошентип жүрүп өзүнүн уулун да туура тарбиялоону унутуп калса керек. Жакында эле АКШда курал-жарактарды контрабандалык жол менен Чеченстанга сатып жүргөн топ кармалган. Алардын арасында дал ушул Сыдыкованын уулу Тенгиз Сыдыков да бар болуп чыкты: Эми Американын соту ага карата кандай чечим чыгараары азырынча белгисиз. Белгилүүсү — өз өлкөсүнө бузукулук кылып, жасалып аткан изги иштерди көрбөй, жалаң гана негативдерди көрө берүүнүн арты жакшылыкка деле алып келбей тургандыгы болду.
Булак:»Де-Факто»

Аргумент.kg