5 баламдын атасын эркек менен төшөктөн кармап алдым

5 баламдын атасын эркек менен төшөктөн кармап алдым

08-чын куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Күйөөмдүн ким экенин билбей артынан чуркап жүрүп турмушка чыктым эле. Эми анык жүзүн көргөндөн кийин ажырашууга да жол жок айласыз төрт дубалды тиктеп отурам.
Мындан он эки жыл мурун жолдошум келбеттүү далай кыздар артынан чуркаган жигиттердин бири эле. Топ кыздардын арасынан жигигимдин көңүлүн таап тез эле баш коштук. Кыздай назик кыялдуу, орой сөз сүйлөбөгөндүгу мени ого бетеп сүйүүгө мажбыр кылды. Он кэи жылдын ичинде беш балалуу болдук. Жолдошум бизди толку кандуу камсыздай албаса да балдарга мээримдүү ата болду. Бир жолу жумуштан бир себептер менен эрте келип дайыма үйдөн кетпеген досу менен төшөктөн кармап алдым. Бул мен үчүн кутүүсүз чоң сокку болду. Эгерде ал эркектин ордуна аял киши болсо балким кызганычтын оту жанып урушуп-талашып кайра унуткарып калат белем.
Көрсө жолдошум менен досу мектеп курагында эле бири-бирине өнөктөш болуп келген экен. Мындан ары бирөөнүң аялына айланган эркек менен бир төшөктө жаткым келбей калды.
Дүрдана