
47 жаштагы аялдын башы башка жерден, денеси башка жерден табылды
13-чын куран, 2023-ж // Дүйнө кабары // Айпери Осмоналиева12-апрелде Алматы шаарында базарга жакын жерден аял кишинин башы жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу казак басылмалары билдирди.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлери адам өлтүрүү боюнча шектүүнү издөөдө.
«1976-жылы туулган туруктуу катталбаган аялдын жансыз денеси табылган. Кийинчерээк анын башы базарга жакын жерден табылган.
Маркум мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган»,- деп айтылат билдирүүдө.