43 жашка чыккан «Кыз-Бурак»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ош облустук филармониянын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова 1976-жылы “Кыз-Бурак” тобун негиздеп жатканда топтун өмүрү узун болоруна көбү ишенишпесе керек. “Кыз-Бурак” үчүн Гулшайыр Садыбакасова көп нерсени, анын ичинде аялдык бактысын да курмандыкка чалган десек аша чаппастырбыз. Топтун бүтүндөй тарыхын көз алдынан өткөрүп, маектешибиз көзгө урунарлык төмөнкүдөй учурларга токтолду.

1. Биринчи курамды “Кыз-Бурак” тобундагы алтын доор десем жаңылышпайм. Ал кезде фонограмманын жыты жок эле. Кыздардын баары аспапта ойноп, жандуу ырдачу элек. Жаңы түптөлүп келатканда үч кызга костюмга кездеме таппай кыйналган, айлабыз кеткен күндөр болду. Баарынан жаманы – эки ай бою концертке даярдансаң, гитара чертип жаткан кызыңды жуп концерт болор күнгө аз калганда алып качып кетет. Буга чейинки мээнет текке кетеби деп депрессия болуп ыйлаган күндөрүм болду. Кайра “кой, мындай болбойт” деп чыйралып өзүмдү колго алып, кайра башка кызга гитара черткенди нөлдөн баштап үйрөтчүмүн. Талаа-түзгө барып ырдап, ден соолукту арнадык. Ал кезде жаштык менен билбей жүрүптүрмүн, азыр өнөкөт чарчоо илдетине кабылып отурам.

2. Эки сүрөттөгү айырма он жыл. “Кырк үч жылдан бери топту чачыратып жибербей кантип кармап келесиз?” деп көп сурашат. Мага ата-эне кызын тапшырып жаткан соң татыктуу устат болгонго аракет кылам. Мүнөзүмдө катуулук бар. Кыздар менен көп тилде сүйлөшөм. Эркелетем, урушам, алдайм, анча-мынча жерден какыс-кукус кылып коём. Бирок мурдакыга караганда жыл өткөн сайын мүнөзүм жумшарды окшойт. Жаш өткөн сайын уялып, тартынып калат экенсиң.

3. 27 жашымда турмуш курдум. Анда апам мага түз айта албай жеңелеримден “Гулшайырдын жашы өтүп баратат, турмушка чыксын” деп айттырыптыр. Жолдошум Мамырасул деген жигит менен студент кезде таанышканбыз. Эт комбинатында жумушчу болчу. 5 жыл артымдан чуркап жүрүп 1978-жылы баш коштук. Көпкө жашадык, жашообуз жакшы болду. Бир гана талабы: “Кыз-Буракты” таштачы, тынч оокат кылалы”,- деди. Талаа-түздөп жүргөн аял кайсы эркекке жаксын. 1990-жылдары ишкерликке өтүп кеттим. Андан түшкөн каражатты топко жумшап жүрдүм. Күйөөң деле айта берип чарчайт экен. Экөөбүздүн ортобуздагы жарака ошентип чоңойду. Ал муздады. Акыркы 7 жылда үзүл-кесил жашап калдык. Кийин Орусияга иштегени кетти, араң турган жип ошону менен биротоло үзүлдү. 2002-жылы расмий ажыраштык. Азыр ал Самарада үй-бүлөсү менен жашайт. Эми алтымыштан ашканда отуруп алып ошол жылы туура эмес кылыптырмын деп өкүнгөндө эмне. Аял менен эркек кылып жараткандан кийин тең карый турган адамым болсо деген өкүнүч, албетте, болот. Кудай берген мээримди жерип жаштык кылгандырмын. Андан кийин деле колумду сурап, сөз айттырган мырзалар көп болду. Бирок мамиле түзгөнгө деле убакыт керек экен.

4. “Кыз-Бурак” деп сабалып жүрүп азыр бактылуу таенемин. Үч жүздөн ашуун кызды тарбиялап чыгардым. Азыр алардын алды дүйнөнүн булуң-бурчунда бактылуу жашап жатышат. Бала-чакалуу, күйөө балдарым ыйбаалуу. Кайда барбайын эжекелеп тосуп алып сыйын көрсөтүшөт. Отуздан ашуун кыз чыгармачылыгын улантып кетсе, калганы үй-бүлөлүк бакытка балкып турган кези. Ар бир жолугушуубуз жакшы маанайда өтөт. Өткөн-кеткендерди кеп кылып, неберелериме батамды берип кайтам. Таенелеп турушат, мындан артык бакыт жок болсо керек.

5. “Кыз-Бурактагы” кыздардын ичинен Кенжеге кылган жакшылыкты эч кимге кылган эмесмин. Сатып кетет деп ойлогон эмесмин. Мен азыр топту дүркүрөтүп чыгарбай жаткан себебим да ушул. Көңүлүм муздай түштү. Оргуштап келе жаткан энергиям “ии, ушул кыз деле кийин мени сатып кетет да” деген ой келгенде тык токтойт. Ага берген мээнетимдин баарын “Садыбакасованы тааныбайм” деп бир ооз сөз менен сызып салып жатса, кандай абалда калышым керек эле? Кыргызда кичүү адам улууга баш ийип кечирим сурап келет. Асмандын башына отуруп алып мени жамандабай алдыма келсе, балким, кечиришмекпиз. Убагында андай мүмкүнчүлүк көп болду. Бирок бирин да пайдаланган жок. Эми убакыт өтүп кетти…

6. Жашоодогу медерим – уул-кызым. Бирок Сайкалда менин беттегенин бербеген өжөр, катуу мүнөзүм жок. Атасын тартып жумшак. Жумшактыгынын айынан көп кишиге алданды, сатылды, оозу күйдү. Кичине мүнөзү катуу тартып калабы десем кайра эле болбойт. Кантсе да өз каным эмеспи, ага толук ишенем. Мурдакыга караганда такшалып калганы байкалат. Бул жолку концерттин жүгүн көтөрүп жатат. Эрмегим жакында 18 жашка чыкты. Бишкектеги окуу жайда биринчи курста окуп жатат. Канчалык мүнөзүм катаал болбосун, энелик кылып балдарыма катуу талап коё албайм. Койгон күндө деле эки-жагымдан чыгып жибитип алышат. Азыр экөөнөн тең санаам тынч. Сайкал чыгармачылыкта ордун тапты. Экөөнү кийин топту алып кете алгыдай кылып бышырып, ийлеп жаткан кезим.

7. Учурдагы топтун курамы. Эмнегедир тандап алган кыздар эки жылга жетпей турмушка чыгып кетип жатышат. Ар кандай шартка байланыштуу топтун курамы өзгөрүп жатат. Топ түптөлгөндөн баштап кыздар менин каржылоомдо болушкан. Азыр деле ошондой. Үйгө кап-кап күрүч, картошка, башка азыктын түрлөрүн алып турам. Кыздардын милдети – өзүн чыгармачылыкка арноо. Башка түйшүк менен баштарын оорутушпайт. Бүт чыгымы менин моюнумда. Ал эми топтон кеткен кыздар өз алдынча тойлордо, иш-чараларда ырдап оокат кылып жүрүшөт. Ош облустук филармонияда 20 жылдан бери жетекчи болуп келем. Акыркы жылдары топтун ишине колум жакшы тийбей калып жатат. Кээде кыздарды эки ай бою көрбөй калам.

Булак: Леди.кж

Аргумент.kg