Атамбаевдин 7-каналы өтө аярлыкты талап кылган улуттар аралык сезимди козуткусу бар

Алмазбек Атамбаевге караган 7-канал АКШнын «Голос Америки» жана “Азаттыктын” өзбек кызматынын көмөгү менен өзбек тилинде “Кабар” деп аталган жаңылыктар чыгарылышын баштады.

Анын максаты — кыргыз-өзбек мамилесине көмүскө доо кетирүү, азыркы бийликтин аброюна көлөкө түшүргөн маанайды Кыргызстанда жашаган өзбек улутундагылардын арасында таратуу.

“Голос Америки” менен “Азаттык” Өзбекстанда Кыргызстандагыдай үнү жок.

Анан, Өзбекстан менен чектешкен аймактарда ушул эки ресурсту пайдалануу – бузукулук болбогондо эмне?

Атамбаевдин ушунчалык пастыкка барып жатканына таң калган деле жокпуз. Бул киши 2010-жылдагы июнь коогалаңында өлкө кан жутуп, кайгы-муң менен өз жарандарын жерге берип атканда, үйүндө жашынып жаткан. Башкаларды бурап коюп, амбразурага таштап, алардын арты менен бийликке келишти адат кылып алган Атамбаев эл менен деле эсептешпегенин 2010-жылдагы окуяларда далилдеген.

Эми минтип, 7-канал аркылуу өтө аярлыкты талап кылган улуттар аралык сезимди козуткусу бар. Бул өзбек улутундагы элдин көңүлүн алуу, улуттар аралык сезимди козутуу, жогоруда айткандай, эки мамлекеттин ортосундагы мамилеге доо келтирүү.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу