Кыргызстандын мусулмандарынын экс-президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуусу: «Доллар менен миллионер экениңиз чын болсо, убада кылган мечитти бүтүрүп бербейсизби?»

Урматтуу Алмазбек мырза! Сиз 2015-жылдын баш ченинде Бишкек шаарынын 7-кичирайонундагы өзүңүзгө караштуу жер тилкесине 2010-жылдагы апрель окуясында шейит кеткендердин урматына мечит курдуруп берүүнү убада кылган элеңиз. Ал жер тилкеси сизге 1990-жылдардан бери таандык экенин жана ал жерге курула турган мечитти да өзүңүз каржылай турганыңызды айттыңыз эле.
Албетте, бул абдан кубанычтуу жана колдоого ала турган кабар болгон. Себеби, мечит – бул Кудайдын жердеги үйү деп аталат.
Тилекке каршы, андан бери карай төрт жылга чукул убакыт өттү. Бирок, сиз убада кылган мечит али бүтө элек. Биз, Кыргызстандын мусулмандары сиздин берген убадаңыздын узакка созулуп атканына тынчсызданып турабыз. Алты жыл мамлекет башында турган адамдын сөзү аткарылбай калбашы керек эле.
Тынчсызданып жатканыбыздын жөнү мындай – Сиз ошол мечитти куруп берүүнү убада кылгандан кийин, кыска убакыт аралыгында эле Кой-Таштагы 2,7 гектар жерге 1 млрд. сом коротуп заңгыраган хансарай салып алдыңыз. Андан тышкары «Ала-Арча» резиденциясына 90 миллион сомго дача салдыртканыңызды да өзүңүз айткансыз. Демек, кыска убакыт аралыгында ушундай эки үйдү салууга жетиштиңиз, бирок Кудайдын жердеги үйү аталган (өзүңүз убада кылган) мечиттин курулушун бүтүрүүгө негедир шашпай жатасыз. Биринчи кезекте, ошол убада кылган мечитти куруп бүтүп, андан кийин жогоруда айтылган кымбат баалуу үйлөрүңүздүн бирин курсаңыз кандай болот эле?
Сиз мамлекет башында турган кезиңизде да «Мен 1990-жылдардын башында эле доллар менен миллионер элем» деп көп айтып келгенсиз. Бийликтен кеткенден кийин деле айтып жүрөсүз. Жакында эле «Апрель» телеканалына маек куруп, анда да өзүңүздүн байлыгыңыз тууралуу айттыңыз. Сиздин сөзүңүзгө караганда азыр деле жылына жүздөгөн миллион киреше табат экенсиз. Эгерде ушул «1990-жылдардын башында эле доллар менен миллионер болчумун» деген сөзүңүз чын болсо, анда өзүңүз убада кылган мечитти эртерээк бүтүрүп берет деген үмүттө кайрылуу жазууга аргасыз болдук. Балким, биздин кайрылуубуз мечиттин курулушунун тезирээк аякташына себепкер болуп калар. Ишиңизге ийгилик каалайбыз, кирешеңиз арта берсин.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу