Борбиев: «Илим жакында сага жолугам…»

Кыргызда жакшы соз бар го, бургого тенелип курмонду отко салба деген. Эки кундон бери концерт коюп фбга киргенге чолом жок журдум.. Андан дагы бая кунку Илимдин жообун окуган сон, денгээлине жийиркенип, жооп жазайын деген дагы дитим болгон эмес. Бирок бугунку анын жазып чыккан кезектеги жообу, Коомдук Биринчи каналды канча жылдан бери жеткен билимсиз, интриган, ички дуйносу тар, ою бузук, кошаматтан башка бир жакшылыгы жок манкурт башкарып келе жатат деп тан калып, калемди колго алууга туура келди..

Илим, биринчиден мен жазган алгачкы посто, Ктрк тартканбы же пресс служба тартканбы билбейт экенмин, бирок жоопкерчилик экоондо тен бар дегендей таризде оюмду билгизгем. А сен, дароо чычалап жообунду жаза баштадын. Демек куноо сенде экенин мойнуна алдын деп тушуном. Болбосо аны такташ керек десен дагы башкача соз болмок

Экинчиден Ктрканын кызматкерлери менен мени каршы коюу аракетин коруптурсун, бугунку постунда. Эч качан андай болбойт, кыла дагы албайсын. Ал жерде саналуу эле кошаматчыларын сени укпаса, копчулук коллегаларын сени коройун деген козу жок экендигин баарыбыз билебиз. Керек болсо Илимди кубалап чыкмакпыз, бир аз убактысы калды сыйы менен кетсин деп ызырынгандарды озун да жакшы билсен керек. Бул жерде Ктрк эмес, анын башында турган, азыркы Ажонун командасы болумуш болуп иштеп жаткан, жеке сенин куноон экени бул айдан ачык
Бекти Бек кылган Ктрк деп анкылдаптырсын. Менин кантип Бек болгонум жонундо маалыматын жок болгон сон, билгендерден сурасан болмок. Сагын Ниязалиева эже билет. Мен 1990- жылы Ош шаарынан жонокой эле кассета аркылуу ырларым тарап, жалпы Кыргызстанга белгилуу болгом. А Берадар эмес Бек болуп калганым, 1 жашта ата энем студент болгондуктан таенем багып Бек атап алган
Бек Борбиев болуп баардык булун бурчта ырларым жанырып, озумдун жеке концерттерим менен 2-3 жылдай эл кыдырып жургон сон, анан мени Ктркага чакырышкан. Бул факт, архивден текшерип корсон болот. Албетте кийин жалпы элдик обончу болушума Ктрканын салымы зор, аны танбайм, бирок, дегеле Телевиденияга тартылыш мага жага бербеген процесс. Ошол себептен, ото сейрек тартылам, азыр деле, аны Асыл Апасовага окшогон менин досторум жакшы билет. Ошондой эле эн аз клип тарткан ырчы мен болсом керек. Эфирден канча чыкканымды дагы архивден текшерип корсон болот оной эле, баса айтып коеун, Атамбаевдин 7 жыл башкаруусунда таптакыр чыккан жокмун, аны билесин. Жалпак тил менен айтканда мен эч качан Ктркага «зависимый» ырчы болгон эмесмин, болбойм дагы. Мындай экенимди эски журналист Мыктыбек Арстанбек досумдан дагы сурап алсан болот. Анан Бектин Беги болсо дагы деп менин жекелигими басынтууга аракет кылыптырсын. Кызматкерлерим учун деп. Алар сенин жеке кызматкерлерин эмес, жалпы мамлекетке кызмат кылып жургондор. Антип айтпа уят болуп каласын. Ажонун куттуктоосуна алардын не тиешеси бар, жалгыз озун гана жоопкерчиликтуусун. Бектин Беги эмес мени менен эле суйлошуп алсан. Илим, бул создорду жолугуп дагы айтам го бирок эсине туйуп ал, мен оскон, жургон чойродо сен бир кун дагы журо албайсын, сендейлердин орду башка. Анан кыргызда эркектер урушканда айтылчу создор башка, аялдардыкы башка болот. «Айланып кет» « тегеренип кет» деген создор аялдар урушканда колдонулуучу создор. Мындай создорун менен супер инфонун кожоюну Кылыч Султан менен барып айтышсан болот)) ( аны менен ориентация бир жыштыкта окшойт)
Ушундай менин сага айтаарым, Илим. Сени менен интернеттен ушинтип таанышканыма «кубанычтамын». Сендей кошаматчы жетекчилер тилеке каршы азыр мамлекеттик кызматтарда коп. Эл баарын коруп, билип калды. Бара бара коом «силердей мителерден» арылат, убакыт керек. Антпесе олкону жок кыла тургандар силерсинер
А мындай суйлошом десен менин телефон номерим сени менен сыймыктанган Асыл Апасова деген менин досумда бар
Ийгилик 👋🏽🙂
P. S. Дагы айтам жигиттин жакшы касиети, оз куноосун мойнуна ала билуу !

Опубликовано Беком Борбиевым Четверг, 3 января 2019 г.

Бек Борбиев ырчынын «Facebook» социалдык түйүнүндөгү баракчасынан алынды. Автордун жазуу эрежелери өзгөртүүсүз берилди.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу