
31-октябрь күнү Бишкектеги эки конушта суу болбойт
30-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкектеги эки конушта 31-октябрь күнү суу болбойт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Мурас Ордо» конушунда саат 09:00дөн 20:00гө чейин, «Калыч Ордо» конушунда саат 09:00дөн 15:00гө чейин суу жок болот.
Муниципалитеттен мындай чара «Мурас Ордо», «Калыс Ордо» суу алгычтардагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу экендигин айтышты.
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Булак: Аргумент кж