3 адамды өлтүрүүгө шектүү делген Аширалиев Чынтемир Камчыбековичтин өмүр баяны

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Чынтемир Аширалиев Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Халмион айыл өкмөтүнүн Ноогардан айылында 1986-жылы 3-ноябрда туулган. Аскердик наамы — майор. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Билими:

2012-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын юриспруденция факультетин аяктаган;

2017-жылы КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу жана саясат факультетин аяктаган;

Эмгек жолу:

2004-2006 — Улуттук гвардияда аскердик кызмат өтөгөн;

2006-2021 — УКМКда жөнөкөй кызматкерден жетекчилик кызматтарга чейинки кызмат орундарын аркалаган. 9-кызматта — Мамлекеттик күзөт кызматында иштеген;

2014 — Түркияда адистик ишмердүүлүгүн жогорулатуу багытында атайын окууну аяктаган;

Инженердик жана медициналык тез жардам көрсөтүү боюнча окуу курстарын бүтүргөн;

Аскердик кармашып урушуу боюнча федерациясынын башкы машыктыруучусу;

Кармашып урушуу боюнча федерациясынын Баткен облусу боюнча президенти;

Кармашып урушуу боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, кара кур (3-дан) ээси;

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо №2 Баткен округу боюнча талапкерлигин койгон. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча жеңишке жетип, бирок кийинки эсепте аз гана айырма менен экинчи орунга түшүп калган.

Кармашып урушуу боюнча эл аралык категориядагы калыс.

“Элим”, “Тагдыр талашкан ажал” аттуу патриоттук китептеринин, Кыргыз Республикасынын Аскердик кармашып урушуу жана өзүн-өзү коргоо боюнча окуу куралынын автору. Мекен, сүйүү жана башка темаларда ырларды чыгарган.

Төмөндөгүдөй сыйлыктар менен сыйланган:

Жогорку Кеңештин төрагасынын ыраазычылык каты;

Президенттин жана өкмөттүн Иш башкармалыгынын Ардак грамотасы;

УКМК төрагасынын Ардак грамотасы жана “Аскердик милдетти үлгүлүү аткаргандыгы үчүн” төш белгиси;

Коргоо министрлигинин “Аскердик каармандык” төш белгиси;

Ички иштер министрлигинин төш белгиси;

УКМКнын II жана III даражадагы “Кызматтагы артыкчылыгы үчүн” төш белгиси;

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финпол) төш белгиси;

Спорттогу ийгиликтери:

Кармашып урушуу спорту боюнча Кыргызстандын 4 жолку чемпиону;

Кармашып урушуу боюнча эл аралык турнирдин чемпиону;

Санкт-Петербург жана Ташкент шаарларында өткөн Кармашып урушуу боюнча дүйнөлүк чемпионаттардын күмүш жана коло медалдарынын ээси;

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кубогу үчүн уюштурулган V эл аралык турнирдин “Мыкты машыктыруучу” дипломунун ээси;

Кармашып урушуу боюнча спорт түрүнүн өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

Аргумент.kg