Иса Өмүркулов: «Атамбаев да жооп бериши керек…»

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов ар бир чиновник өзүнүн декларациясында киреше-чыгашаларын, мүлктөрүн толугу менен көрсөтүшү керек экендигин айтат. Эгерде кайсы бир чиновниктин оозеки түрдө «Мен баланчанчы жылдары эле бай болчумун» деген сөздөрү декларациясы менен дал келбесе, анда ал чиновник мыйзам алдында жооп бериши керек.

«Ар бир чиновник мыйзам боюнча декларация толтурушу керек. Ал декларацияда баарын тең так жазышы керек. Аны текшерсе болот. Аны текшергенге укугу бар. Прокуратура текшереби, айтор мамлекет тарабынан текшерилиши керек. Эгерде туура эмес маалыматтарды жаза турган болсо, анда ошону толтурган киши жооп бериши керек. Канча көлөмдө киреше болду, эмненин негизинде болду, эгерде ишкананыкы боло турган болсо, анын баланстык отчету болот, жылына бере турган. Канча киреше болду, өндүргөн продукциясы эмне, канча чыгым болду? Ушунун баарын текшерсе, ал жерден миллиондор чыгат, же болбосо чыкпайт. Эгерде андайлары жок болуп туруп эле, «Мен баланча, түкүнчө жактан киреше тапкам» десе, анын баары тең текшерилиши керек, сөзсүз түрдө мыйзам алдында ар бир жаран, анын ичинде Атамбаев дагы жооп бериши керек», — дейт Иса Өмүркулов.

Туура айтылган пикир. Жөн эле курулай мактанчаактык кылып, «Мен «Кумтөрдөн» көп салык төлөчүмүн» деп кыйкыра бербей, аны документ менен ырастаган мыйзамга ылайыктуу. Андыктан эми экс-ажо А. Атамбаев өзүнүн ушул күнгө чейинки билдирген мактанычтарын мыйзамдуу жол менен далилдеп бериши керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу