Чыңгыз Айтматовду 50 миллионго алдаган Атамбаев каражатты кайтарабы?

Быйыл залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгынын алкагында Кыргызстан гана эмес, түрк тилдүү мамлекеттер, анын алкагынан тышкары дагы жогорку деңгээлдеги иш-чаралар өткөрүлүүдө. Дүйнөнүн булуң-бурчунда Айтматовдун улуулугу даңазаланууда. Өлкө ичинде да 90 жылдыкты утурлай көптөгөн илимий-практикалык конференциялар өтүүдө.

Бирок, экс-ажо Алмазбек Атамбаев тарабынан Айтматовдун 90 жылдыгына карата бир ооз жылуу кеп айтыла элек. Айтматовдун улуулугу, анын чыгармаларынын түбөлүктүүлүгү тууралуу сөз болуп жатса, АША өзүнүн КСДП партиясынан пикири келишпегендерди кубалоо менен алектенип, өзүнчө эле күйгүлтүккө түшүп жүрөт.

Ал эл караган жүзү жер карап калганын, ага өзү гана күнөөлүү экенин сезип турса керек. Себеби, алты жылдык президенттик доорунда өлкөбүздү жан-жөкөрлөрү менен каалагандай тоногон экен.

Баса, анын Айтматов тууралуу ооз ача албай жатканынын да төркүнү бар. Себеби, Атамбаев өзүнүн алгачкы миллиондорун Айтматовду алдоо менен кураганы белгилүү. Муну туңгуч ажо Аскар Акаев маалымат булактарына курган маегинде ачыктаган. Залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун кадыр-баркы менен КР Жазуучулар союзуна деп бөлүнгөн 50 миллион рублди (ал убакта рубль менен доллардын курсу бирдей эле) А. Атамбаев (ал убакта КР Жазуучулар союзунда жооптуу кызматта иштеген) өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жиберген. Тактап айтсак, ал акчага жазуучулар үчүн камкордук көрбөй эле, өзүнө завод-фабрикаларды менчиктештирип алган. Анан ал завод-фабрикалардын темир-тезектерин чыгарып Кытайга сатып байыган.

Ошондон улам дагы ал азыркы тапта залкар жазуучубуз тууралуу ооз ача албай отурса керек. Жок дегенде ошол күнөөсүн сезип аткан болсо, анда абийир дегенден анча-мынча калыптыр деп ойлойбуз. Эгер болбой эле бет тырмоочулук уланта берсе, анда «бүкүрдү көр гана түздөйт» дегенге чындап ишенебиз.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу