ДомойСаясатТурсунбай Бакир уулунун канча үйү, канча кайын энеси бар?

Турсунбай Бакир уулунун канча үйү, канча кайын энеси бар?

— Канча балаңыз бар?
—Ушул суроону мага берип калышканда дайыма менде «Мегаком» деп жооп беремин. Анан чечмелеп баштайм: 5 уул, 5 кыз, 5 небере деп. Мындай жооптон кийин каалоолор мындан да кызыктуу: «Анда Сизге 777 — «Билайнга» тез өтүүнү каалайбыз!” дешет.
— Канча үйүңүз бар?
—Эки їйїм бар, бирєє кєп кабаттуу їйдєгї квартира, бири айылдагы жер їй. Айылдагы їйдї тарттырып жибергени аз калдым. Мен Малайзияда элчи болуп иштеп жүргөнүмдө шылуун микрокредиттик уюм үйдү жасалма документтер менен алып койгону аз-маз калган экен. Жакшы, аны кокустан билип калып үйүмдү соттошуп алып калдым. Эмне болсо да ал үй — ата-энемден калган мурас эле да… Ошентип силер менен акыркы жолу маектешкенден кийин жаңы үй да салганым жок, эч ким мага үйдү белек да кылбады. Ошондуктан эски «крыша» менен эле жүрөм.
— Канча машинеңиз бар?
—Мурдагыдай эле унааны айдашты үйрөнө албадым. Ыраматылык апасынан калган унааны кызым минип жүрөт. Жылына «мына эми машинаны айдашты үйрөнөм!» деп өзүмдү алдап коюп жїрєм. «1999-жылындагы Баткен согушту токтотконуўуз жана туткундан кыргыз менен жапондорду бошотконуўуз жєнїндє качан китепти жазып бїтєсїз?» деп журналисттер жана коомчулук сурап калганда «мына-мына бїтєйїн деп калдым!» деп кайра эле єзїмє дем берип коём. Єзїмдї ушинтип алдап эле жїрєм.
— Азыр чөнтөгүўүздө канча сомуўуз бар?
—  Чөнтөгүмдө азыр 300 сом бар экен. Бүгүнкүгө жетет!
— Канча малыңыз бар?
—Малым жок. Малды сагынганда инимдин ат-фермасына барам. Бирок иним Орусиядан былтыртан бери ат алып келчї. Эми болсо уйду да алып келип кєрєйїн деп Орусияга жөнөдү. Алып келгенде орустардын уйларын көргөнү сөзсүз барам.
— Канча итиңиз бар?
— Айылдагы үйдө ит бар. А мурда силерге берген интервьюмда «Малайзияга элчи болуп баратканда бир тайганымды таштаганга ичим ачышып, Чїй лесхозго єткєрїп бергем. Табигатта жїрсїн» деп айтпадым беле? Ошол тайганым өлүп калыптыр. Бирок шаарда, үйдүн ичинде итти багууга ислам дини тыюу салат. Ушундай эле ит керек болуп жатса — өзүм ит жылы туулганмын, ошол үчүн иттин да кереги жок.
— Канча досуңуз бар?
—Балалык кездеги чыныгы досторумдан экөө эле калган — кошунам Бакиев Алымжан Мамасалиевич (экс-президент Бакиевге эч кандай тиешеси жок, анткени өзбек улутунда) жана классташым Поплавский Николай Александрович (Томск облусунда прокурор болуп иштеп пенсияга чыккан). А калган досторумдун баары кырсыктан өлүм тапкан: Камил, Пазыл. Үсөн… Жаткан жерлери жайлуу жана нурлуу болсун.
— Канча касыңыз бар?
 
—Толтура. Мусулманды жаман кєргєндєрдїн баары душмандарым. Анан да чындыкты жактырбагандар мага кас. Бирок кастар бар болгону да жакшы. Алар сени бир тонуста кармап, каталардан сактап сергек алып жүрүшөт. Күйдүргөндөр башка. Саясатта бир да кланга кошулбаганыма, Аллахтан бөлөк эч кимден көз-карандысыз болбогонума, кошоматчылык жасабаганыма, керек болсо жеке жашоомо да кийлигишип — «эмне үчүн жесирди эмес, а жаш катынды алат?!» деп жек көргөндөр. Башка сөз менен айтканда, алар — көрө албастар, ичи тарлар, көзї күйгөндөр! Ушуларга боорум ачып атайын туз-фирма да ачкым келип кетет: ичи күйгөндөрдүн же тїштїк диалекти менен айтканда — алям болгондордун бардыгына үйлөрүнө тузду акысыз жеткирип берет элем (күлүп).
— Канча кайын энеңиз бар?
— «Действующая» кайын энелерден экөө. Бири-бирибизди катуу сыйлайбыз, урматтайбыз. Аллах алардан эки дүйнөдө ыраазы болсун, мен ыраазымын! А өтүп кеткен Ырысбай кызы Саадат кайын энеме жаткан жери жайлуу, нурлуу болсун, Акыретте Аллах-Таала бейиштин Фирдаусу менен сыйласын деп бир күндө беш жолу куран түшүрөм. 95 жаштагы Тажибаев Буркан кайнатама болсо күнүнө бекем ден соолук тилейм.
— «Не действующийлери» канча?
— Бирөө эле (күлүп).
Карлыгач Кудайбердиева
Булак: ПолитКлиника
 

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз:
0702-121100,
0772-121100,
0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда