Эдил Байсалов элчи эмес, мекенде кызмат кылууга даяр

Бир жуманын ичинде маалымат каражаттары жарандык активисттер, дайыма бийликке сын айтып келген Эдил Байсалов, Адил Турдукулов, Рита Карасартова сыяктууларды чет өлкөгө элчи катары жөнөтүлөрүн айтып чыгышты. Социалдык тармактарда бул жаңылык кенен тарап, талкууга алынып, көпчүлүк тарабынан колдоого алынууда. Биз өзгөчө көп аты аталып аткан Эдил Байсаловдун өзүнө кайрылганыбызда, ал мындай сунуштар бийлик тарабынан болуп келгенин, мурунку президенттердин учурунда ал бир канча жолу посол болуп “пошел” болгондон баш тартканын жашырган жок. “Мен июль айында президент Жээнбеков тегерек үстөл уюштурганда, ачык эле “Сиз бизди кызматташууга эмес, кызмат кылууга тартыңыз” деп кайрылдым. Кыргыз жигити үчүн мекенге кызмат кылуудан жогорку ардак жок” деп түшүндүргөн Байсалов, ал өзү үчүн эч кандай кызмат сурап өмүрүндө эч кимге кайрылбаганын айтты. Эми түркчө, англисче, шведче таза сүйлөгөн, эл аралык саясатты чемичкедей чаккан, мамлекеттик кызыкчылыкты туу туткан Эдикебизди мамлекет башчы кыргыз элине кайсы кызматка койсо да, ал ишти жүргүзүп, мекенди коргоп, эң жогорку профессионал катары болуп береринде эч кимде шек жок. Байсалов мырза, андай сунуш азыркы бийликтен келе турган болсо, кабыл алыңыз.

Булак: “Жаңы ордо

Аргумент.kg
Жооп калтыруу