ТВЕА «калкалоочуларынын» жогорку абалына таянып, келишимдин шарттарын неге аткарган эмес?

Бишкек ТЭЦиндеги авариядан кийин аны модернизациялоодогу сарпталган 386 млн доллардын максаттуу пайдаланылганы боюнча да күмөн саноолор пайда болду. Буга толук негиз бар эле. Себеби, аны модернизациялоодо эмгек акылардын суммасы өтө көбөйтүлүп көрсөтүлгөнү жана жабдуулардын баасынын асманды чапчыганы (мисалы кычкачтын баасы 640 доллар болуп көрсөтүлгөн) шектенүүлөрдү жараткан.
Ошондон улам соттук-эксперттик комиссия бул долбоордун долбоордук документациясы менен сунуштаган баасынын дал келүүсүн иликтөөгө алып, көрсөтүлгөн долбоордук документациясынын толук экендигинен күмөн саноолор бар экенин жана анын ичинде адаптацияланган долбоордук документацияда курулуш зонасындагы химиялык цехтен инженердик түйүндөрдү алып чыгуу, сероудаления системасы эске алынбаганын таап чыгышты.

Ошондон улам ТВЕА компаниясы тарабынан иштелип чыккан жана Бишкек ТЭЦинин архивине өткөрүлүп берилген (долбоордун адаптацияланган жана адаптацияланбаган бөлүмдөрү менен) долбоордук документациянын толук тизмегин көрсөтүү запросу жасалган.

Бишкек ТЭЦинен алынган долбоордук документациянын тизмесин анализдөөдө 400 альбомдун тегерегиндеги долбоордук документация адаптацияланган жана мамлекеттик экспертизадан өткөн долбоордук документациянын тизмесине кирбей калганы билинди.

Сөздү кыскарта чаап айтканда чет элдик долбоорлордун Кыргызстандын территориясында ишке ашуусу үчүн биздин өлкөнүн шарттарына адаптация болушу керек. Муну ишке ашырууга чыныгы дасыккан адистер керек болуп саналат.

Чет элдик долбоорлордун адаптациясы эмнелерди камтыйт? Биринчиден, долбоордун текстинин котормосу жана чийменин түшүндүрмөсү болушу керек. Экинчиден, сунушталган чечимдердин анализи жана баасы керек. Үчүнчүдөн, конкреттүү регионго мүнөздүү климаттык шарттарды эске алуу менен техникалык документацияларды Кыргызстандын мыйзамдарынын нормасына ылайыктап иштеп чыгуу керек.
Чет элдик курулуш компаниялары тарабынан иштелип чыккан долбоорлорду биздин шарттарга адаптациялабастан туруп реализациялоонун артында оорчулуктар жана тобокелчиликтер болот.
ТВЕА компаниясы «Бишкек ТЭЦин модерниазциялоо» долбоорун реализациялоодо контракттык келишимдин шарттары боюнча долбоордук-сметалык документацияны Кыргыз Республикасынын ички мыйзамдарына ылайык даярдашы керек болчу. Андан сырткары, курулуш аяктаган соң, ал долбоордук-сметалык документацияны Заказ берүүчүгө өткөрүп бериши керек эле. Бирок, ТВЕА компаниясы өздөрүнүн «калкалоочуларынын» жогорку даражасына таянуу менен келишимдеги бул шарттарды аткарган эмес. Алтургай долбоордун адаптациясын да жасашпаган.

Экспертизанын жүрүшүндө биздин мыйзамдарга таптакыр туура келбей турган долбоордук чертеждор табылган. Ал чертеждордун көлөмү жалпы чертеждордун көлөмүнүн 40%ын түзгөн. Демек, ТВЕА компаниясы Бишкек ТЭЦинин территориясына эки жаңы энергоблокту адаптацияланбаган долбоор боюнча, башкача айтканда кытай стандарты менен Кытайда куруп жатышкандай биздин мыйзамдарды сактабастан курушкан. Ошол эле убакта бул курулуштун жүрүшүнө Заказ берүүчү тараптан же тактап айтсак биздин мамлекеттик органдар тарабынан контроль да болбогондугун байкасак болот. Же тескерисинче андай контрольдорду болтурбоого атайылап аракет жасашкан.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу