КСДП ичтен ыдырап, “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы кулачын жайып баратат

Улуу Октябрь революциясынан кийинки Париждеги эмигранттардын турмушуна арналган кинодон бир көрүнүш:
Жүдөгөн бир адам көчөнүн жээгине лоткасына майда-чүйдөлөрдү жайып алып, анда-санда алармандарды чакыра, соода кылып отурат. Ага ар жактан көчө шыпырып жүргөн адам келип:
— Граф, ата мекен жактан кандай кабар бар?-деп сурайт.
— Господин генерал, азырынча эч жаңылык жок, мен таксыр министрге жолуга элекмин. Анын метротелдик ишинен колу бошобой жатат,- деп жооп берет ал.
КСДПнын саясый кеңеши жөнүндө сөз болгондо аргасыздан фарска окшогон ушул трагикомедиялык эпизод эске түшөт. Партиянын саясый кеңеши, анын төрагасы бар, бирок алардын чечимдерин аткарганга катардагы мүчөлөр жок. Партиянын саясый кеңеши Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарып, аны фракциядан да кетирүү жөнүндө чечим кабыл алган, бирок аны фракция көпчүлүк басымдуу добуш менен четке кагып таштады. Бул — фракция өзүнүн азыркы формалдуу жетекчисин үч тамгага айдап таштагандыгын билдирет. Ал эми жер-жерлерде болсо, биринин артынан экинчи конференциялар өткөрүлүп, “Атамбаевсиз КСДП үчүн!” деген кыймыл кулач жайып бара жатат. Аны саясый кеңеште отургандар “легитимсиз” дешүүдө, бирок легитимдүүбү же легитимсизби, баары бир ал партия ичтен ыдырап, азыркы жетекчилигин таануудан баш тартып, акырындап таркап бараткандыгын гана көрсөтүүдө. Андай процессти токтотуу үчүн партия токтоосуз толук легитимдүү кезексиз курултайын өткөрүп, жетекчилигине болгон ишенимди күн тартибине биринчи маселе кылып коюшу керек болуп турат.
Кыргызстанда 236 саясий партия бар болсо, алардын бири деле идеологиялык негизде түзүлгөн эмес. 220дан ашыгынын аты гана бар, заттары таптакыр жок. Ал эми парламентке келгендеринде деле лидерлеринен башка партия үчүн чындап күрөшө турган бир да мүчө жок. КСДПга социал-демократтардын гана идеалдарын жактагандар чогулган дейсиздерби? Албетте, жок. Партиянын катардагы мүчөлөрү түгүл, жетекчилигиндегилердин көпчүлүгү деле социал демократтык идеологиянын коммунисттик идеологиядан айрымасы эмнеде экендигин билишпейт.  Ага президенттин партиясы катарында ар кандай партиялардан “адашкан”  акчалуулар чогула калышып, парламентке келип өз максаттарына жетишти, эми аларга партиянын кереги деле жок. Эгерде КСДПнын саясый кеңеш дегени өзүн президентке каршы койгондугун токтотпосо, эртең анда таасирлүүлөрдөн, акчалуулардан эч ким калбайт. Алар көнгөн адаттарынча ойлонбостон, кыйналбастан жылдызы жанып, бийликчил болуп жаткан жаңы партияга ооп кетишет. Андай абалга жетсе, мурдагы “Алга Кыргызстан” менен “Ак жолдой”, КСДП да бир жолу пайдалануу менен өзүнүн потенциалын түгөтүп, миссиясын аяктаган саясый топ болуп калганы турат.
Андай акыбалга жеткирбөө үчүн партиянын жер-жерлердеги уюмдары парламенттеги фракциядай, саясый кеңеш башында турган кылымдык коррупциялык иштерди айыптап, андан токтоосуз ажырымдануусу зарыл. Ансыз партияны сактап калганга практикалык жактан мүмкүн эмес. Ооруну жашырып, соомун деп жүрө берген менен аны бир күнү өлүм ашкерелеп салат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу