Атамбаевдин тушунда Кыргызстан Тажикстандан да артта калды

Мурдагы бийликтердин тушунда Кыргызстан КМШга кирген өлкөлөрдө эң акыркыдан бир тепкич жогорку орунду ээлеп келсе, АШАнын убагында Тажикстанды да алга өткөрүп, эң акыркы орунду бекем ээледи. Азыр биздин ички дүң жыйымдын ар адамга эсептегендеги көлөмү 1990-жылдагынын жарымына да жетпейт. Бул мезгилдин ичинде Борбордук Азиядагы айрым өлкөлөр жогоруда айтылгандай көрсөткүчтөрүн 4-5 эсеге көбөйтүштү. Үч жылдык жарандык согушка кабылып, 150 миңдей адамын жоготкон Тажикстан да бизден озуп кетти. Дүйшөмбү шаары таанылгыстай өзгөрдү, жакында Рогун ГЭСинин биринчи агрегаты пайдаланууга берилет. Аны мамлекет өз күчү менен курууда. Ал толук курулуп бүтсө, 17 млрд киловатт-саат же Кыргызстандагы бардык ГЭСтерде, ТЭЦтерде иштеп чыгарылгандардан көп электр энергиясын өндүрө баштайт. Өнүгүү деп ушуну айтат. Элине ушундай ийгиликтерге жеткизген мамлекет башчысы мактанса болот, Ал эми АША карыздарды көбөйтүп, жарымын уурдаткандыгына, аларга өзү анабашчы болгондугуна гана маашырланып жүрөт.
Мурдагы бийликтердин тушунда республикабыз электр энергиясын экспорттоочу өлкөлөрдүн бири болсо, АШАнын убагында электр энергияларын импорттоочу мамлекетке айланды. Ал Камбар-Ата-2 ГЭСинин Курманбек Бакиевдин тушунда курулуп бүтөйүн деп калган кичинекей биринчи агрегатын да аягына чыгара алган жок. Импорттун көлөмүн азайта албады.
Кыргызстан АШАнын убагында ар 100 миң адамга эсептегенде жүрөк ооруларынан өлгөндөрдүн саны боюнча дүйнөдө биринчи, ал эми кан тамыр ооруларынан көз жумгандардын саны боюнча экинчи орунга чыкты.
Булар үчүн ким жооп бериши керек? Сөз койлордун же эчкилердин өлүмү эмес, мекендештерибиздин тагдыры жөнүндө болуп жатат. Элибиз АШАдан жакшылык көргөн жок.

Журналист Ырысбек Өмүрзаков дагы мындай салыштыруу жазган:

СТАТИСТИКАДАН ЧЫККАН, ЖӨН ЭЛЕ СУРОО…
М. Бакиев 2009-жылы Кытайга барганда “Датка” жана “Кемин” подстанцияларын, “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линияны куруу үчүн протокол түзүп, 190 млн долларга курууну макулдашкан жана Келишимге кол коюшуп келген эле. Атамбаев бийликке келгенде, АШАнын кан жуткурлары «Датка” жана “Кемин” подстанцияларын, “Датка-Кемин” электр өткөрүүчү линиянын куруусуна чыгымды 389 млн. долларга көтөрүп, бир аз чаларак бүтүргөнсүп коюшту.
Ошол эле жылы, Бишкек жылуулук берүүчү борборунун (БЖББ)нун 100 пайыз оңдоо иштерин аткарууга, БЖББ толугу менен жаңыртып оңдоп берүү проектиси 150 млн. доллар деп эсептелип, ал проектиге да Кытайлык инвесторлар менен протокол түзүлүп, эки тараптуу Келишимге кол коюлган эле. Бирок, Атамбаевдин канкор ичип-жегичтери, БЖББнын 30 пайызын чала-бучук оңдогонго элди дагы, пайызын эсепке албаганда 386 млн. доллар карызга батырды.
Ошентип, Бакиев бийликте болуп турганда, болгон проектилер 340 млн. доллар менен бүтөт эле. Эл 335 млн. доллар – пайыздарын кошкондо 518 млн. долларга азырак карыз болмок экенбиз. Айтмакчы, карыздардын пайызы да, 2009 жылы эки эсе азырак эле.
Суроо:
— Эмне болуп проектилердин баасы 2 эсе көтөрүлүп, ал эми кредитттик пайыздар 2,4 эсе көтөрүлүп кетти?
PS: Бул бирөөнү актап же, бирөөнү күнөөлөчү маалымат эмес. Бул жөн эле финансалык статистика, ошону үчүн бул инфону жана авторун жамандаганча, ойлонуп, информацияны текшерип, анан терс оюңарды айткыла.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу