Лунара Мамытова башкы прокуратурада сурак берди

Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова жана анын орун басары Лунара Мамытованы чакырып, аталган министрликтин жетекчилиги бюджеттик каражаттын эсебинен чет жерге чыгат деген маалыматтын алкагында суракка алышты. Аларды Социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебинен чет өлкөлөргө чыккандыгы боюнча түшүнүк кат жазып беришкен.

Эске сала кетсек, 12-сентябрь күнү Башкы прокуратура тарабынан дипломатиялык паспорттордун колдонулушу боюнча иликтөө иштери башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө Социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери дипломатиялык паспортторду мыйзамсыз колдонгондугу аныкталып, топтолгон маалыматтар Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберилген. Эми аталган жетекчилер боюнча сот кандай чара көрө алат, күтө туралы.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу