Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарымдуу өкүлү облуска инвестицияларды тартып жатат

Аземге КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Музаффар Исаков, КРнын Азирети муфтийи Максат ажы Токтомушев, Кувейт өлкөсүндөгү «Ассалам» фондунун төрагасы Абдулла Матук ал Матук, фонддун президенти Жасим Алаун, фонддун директору Набил Хамид Алаун, фонддун мүчөлөрү, медицина кызматкерлери, областтын тургундары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Ыйгарым укуктуу өкүл өз сөзүндө: «Заман талабына ылайыкташып, бардык материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыздалган, керектүү медициналык каражаттары бар бөлүм буйруса элибиздин саламаттыгын сактоого, тез арада жакшы болуп, айыгуусуна жакшы өбөлгө түзөт. Анткени күйүктөн жабыркаган тургундарыбыз Ош, Бишкек шаарларына барып, дарыланууга муктаж болушчу. Эми бул көйгөй чечилип, калкыбыз үчүн жакшы самаалык болуп турат. Ушундай бөлүмдүн имаратынын курулуп, ишке берилишине баштан-аяк жардам көрсөткөн “Ассалам” фондуна терең ыраазычылык билдирем»-деп белгиледи. Эскерте кетсек, аталган бөлүм Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан тартылган инвестициянын негизинде Кувейт өлкөсүнүн «Ассалам» фондунун каржылоосу менен 35 керебетке ылайыкташып, 20 млн. сом акча каражатына курулган. Андан сырткары 9 млн. сомго медициналык жабдуулар жана каражаттар алынып, бейтаптарды дарылоого толугу менен шарт түзүлгөн.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу