Коом

Бишкекте 8-кабаттан боюн таштаган жигит. «Ал кураторунан сүйлөшкөн кызын алып келүүнү суранган»

Кечээ, 27-октябрда Бишкектин Сүйөркулов жана Байтик Баатыр көчөсүндөгү курулушу токтоп калган көп кабаттуу үйдөн 22 жаштагы Мунарбек Ташкулов боюн таштап каза болду. Маркум Кыргыз техникалык университетинде окугандыгын жана мүнөзү токтоо экенин SUPER.KG порталына атын атагысы келбеген тайпалашы билдирди. «Биз бир тайпада чогуу окучубуз. Мунарбек сабакты дагы жакшы окучу. Мүнөзү токтоо, көп сүйлөбөгөн бала болчу. Ал имаратка чыккандан кийин кураторубузга сүйлөшкөн кызын алып келүүнү суранып жазыптыр. Сүйлөшкөн кызы биздин тайпага жаңы кошулуп окуп жаткан экен, мен дагы жакшы тааныбайт экенмин. Бизден бир-эки бала Мунарбекке барып сүйлөшкөндө такыр эле көнбөй коюптур», — деди маркумдун тайпалашы. Социалдык тармактарда Мунарбек Ташкуловдун боюн таштаган видеосу тараган. Анда маркум сүйлөшкөн кызы менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин чуркап келип секиргенин көрүүгө болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *