Жансезим: Дикуся, бүт өмүрдү сен үчүн чапсам дейм…

Кайрадан сени эстедим. Мээ чөйчөгүмө “кылт” эттиң. Издегим келди. Негизи сени дайыма эле эл арасынан издей берем да. Бирок, бу жолу башкача жаналекетке түштүм.

Негедир менин сунушума жеңил же олуттуу эмес карабады бекен (?) деп бушайман болчу болдум. Жыйырма күнгө чукул убакыттан бери үндөбөйсүң. Таарындыңбы? А мен адатымча ууртуңан нур чачырап, ак саргыл жүзүң ажарына чыккан айчырайыңды элестетип, күн сайын сагынычым күчөп барат. Ким билет, ичиңден эмне ойлоп атканыңды? Сендей кыргыздын анык сулуу кызына ашык болгон мен сыяктуу жигиттер болбой койбосун билем албетте. Бирок, алардын бирисин да ойлогум келбейт. Сени өзүмдөн башкага ыраа көргүм келбей, ичимден менчиктеп алганымчы? Мындай жүрүшүмдү тээ ала-жазда кыраакы мүнөзүң менен билип алгансың. Билем анын баарысын. Кыйын жансың. Таңгалып эле жатсаң керек мага. “Эмне болгон калемгерге жолуктум?” деп түйшөлдүңбү, билбедим. Экөөбүз ара-чолодо жолуга калганда айдай жүзүң чырайыңа чыгып, кубулуп турганычы? Ушундай көз караш сага өлө жарашат да.

Бир курдай адатыбызча “Фаизадан” тамак ичип отурабыз. А мен болбой эле сени сүйөрүмдү ишендиргим келип, оозумду таптап барып токтодум. Болгону ичтеги жансезимимди гезит аркылуу билдирип, жаман арымда өзгөчөлөнгөн сунуш аркылуу жар салсам деген тилекте. Бир эсе сенден бөлүнүп турган жылдыздуу илептен, сүйүү деген улуу сезимден сүрдөдүм. Курган дүйнөнүн астында. Экөөбүз бу ааламдын кыпындай жылуулугун сиңирип алган сыңары… Сени менен бет маңдай отурганда алдыбызга келген чокко бышкан шишкебектей сездим өзүмдү. Кыйратып деле жей албадым, сага карай сезим чогуна куйкаланып атсам, анан кайдагы табит? А сен сыр бербейсиң. Такыр башкачасың. Болгону мага жаккан сулуулугуңа таазим эттим. Мени бут алдыга чөк түшүрчүдөй эле таза сезимдерге камап салдың. Шак ойлоном да, сени кайра ыңгайсыз кылгым келбеди. Кыскасы, татыктуу жан экенсиң…

Жолдо жөө басып келатып коштошордо колуңан алып, бетиңен өптүм. Көчөдөн. Атаңгөрү, сүрдөгөнүмдөн денемди тер басып кетти го. Сенден кетким келбеди. Айла жок. Ал күнү адатымча үйгө барып таң аткыча сонун сезимдерге, келечекке карай идеяларымды куруп, өзүнчө эле бакытка бөлөнө түштүм.

Ошол, Дикуся. Мен үчүн сен азыр бийиктикте, кол жетпеген кооздуктасың. Ак мөңгүлүү аска-зоодогу тазалыктай күнгө чагылышып. Караңгы жандүйнөмө чырак жандырып, козгоп салдың кан тамырды… Эки жылдан бери эсимди эки кылып жүрөсүң. Ойго чөмүлөм. Тереңдерге сүңгүгөнүмчү? Үмүт үлпүлдөйт. “Өчпөсө экен” дейм. Болгону сен мага кайдыгер болгондой туюласың же сынап атасыңбы, билбедим. Башым маң.

Интернетти барактап отуруп, “жүрөгү сонун адамдын жүрөгүндө болуу да сонун”  деген сапка көзүм түштү. Өмүр бою жүрөгүңдө болсом дейм. Бүт өмүрдү сен үчүн чаап койсом дейм. Айтор, сени ойлоп, таза сезимдерге чулганып, арууландым. Кандай гана татыктуу жансың ээ? Эки жумадан берки ортодогу жымжырттыкты бузуп, үн катып койчу? Акылдуу жансың го…

Баса, сага карай жазган ашыктык баяндарымдын баарысын чогултуп жатам. Бул жүрүш менен жакында сага жазган арзуу саптарым өзүнчө эле бир китеп болчудан.

АКЖОЛТОЙ, Бишкек шаары

Булак: Азия Ньюс 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу