
2024-жылы Бишкекте 10 миң светодиоддук лампалар орнотулат
31-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБишкекте 2024-жылга өндүрүштүк программаны пландаштыруунун алкагында 10 миң светодиоддук лампалар орнотулат, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы чырактарды алмаштыруу менен бирге 120 чакырым узундуктагы электр чубалгыларын (электр линияларын) СИП зымдарына (өзүн көтөрүүчү изоляцияланган зым) алмаштыруу иштерин жүргүзүүнү пландоодо.
Мынан тышкары, аянттарда жана сейил бактарда жаңы тышкы жарыктандыруу тармактарын куруу, ошондой эле жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү жарыктандыруу пландаштырылууда.
Булак: Аргумент кж