“2021-жыл Кыргызстан үчүн оор жылдардан болот”

Кыргызстан көп тараптуу саясат жүргүзүшү керек. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Тажыбай «Маралга» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, экономиканы өстүрүүчүн каражат керек. Ал эми инвестициялардын келишине шарт түзүү кажет. Бул багытта көп тараптуу өнүгүүдө Батыш ири каржылык колдоо көрсөтөт. 2021-жыл Кыргызстан үчүн оор жылдардан болот. Анткени жаңы бийлик бир катар реформаларды ишке ашырып, элге берген убадаларын аткаруусу зарыл. Андыктан бул жыл саясый окуяларга бай болот. Мындан сырткары, АКШ Россияны душман катары көрөт Бул Россия менен жакшы ымалада болгон мамлекеттерге да көлөкөсүн тийгизет. Кыргызстан президенттик шайлоодон соң, укук талаасына кирди. Эми парламенттик шайлоо өтсө, өлкө толугу менен укуктук талаага келет. Тажыбай 2021-жыл дүйнөдө коронавируска каршы эмдөө жылы болорун да кошумчалады.
“Азия Ньюс” гезити

Сиздин пикир