2018-жылы милиция кызматкерлерине байланыштуу 67 иш козголду
05-бирдин айы, 2019-ж // //Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Бишкектеги атайын басма сөз жыйынында милиция кызматкерлерине козголгон кылмыш иштери мурдагы жылга караганда азайганын билдирди.
— 2018-жылы милиция кызматкерлерине байланыштуу 67 кылмыш иши козголуп, 80ден ашык адам жоопко тартылды. 2017-жылы болсо 90 кылмыш иши козголгон жана жоопко тартылгандар да көп болгон, — деди Жунушалиев.
“Азаттык” өткөн жыл ичи жазган маалыматтарда милиция кызматкерлери кыйноого, пара алууга, айыппулду өздөрүнө ыйгарып алууга, шалаакылыкка, бейбаштыкка жана башка себептерге айыпталганы кабарланган.
Президент Сооронбай Жээнбеков 1-февралда ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл алып, ИИМдин өздүк курамын таза эмес кызматкерлерден тазалоо керектигин айткан.
Булак: Азаттык