
20 кг баңгизатты үйүндө сактаган жаран кармалды
03-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЖергиликтүү тургундун үйүнөн 20 кг жакын баңгизат табылды .Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык,20 кг өлчөмүндөгү баңгизатты үйүндө кармаган жаран Түп районунда жашайт.Аталган жаранды ,Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери текшерүүгө алышкан.
Ошондой эле, жаран европа улутундагы экени тастыкталган.Ал өз үйүндө багизаттарды сактап жана сатууну көздөп жүргөн.Бирок, текшерүүнүн натыйжасында ,Каракол шаарына суракка чакырылган.
Натыйжада П.А. аттуу жарандан 7 кг 816 гр марихуана алынган, ал эми үйдүн жер төлөөсүн тинтүү учурунда дагы 11 кг 750 гр салмактагы гашиш табылган. Ошентип, алынган баңгизаттын жалпы салмагы 19 кг 566 гр түздү.
Булак:Аргумент кж