Өмүрбек Бабанов Кыргыз Республикасынын белгилүү саясатчысы жана ишкери. Бүгүнкү күндө алар анын ысымын ар тараптан каралоого аракет кылып жатышат.
Бирок, Өмүрбек Токтогулович биздин мамлекеттеги ири ички инвестор экендигин унутпашыбыз керек. 1998-2004-жылдар аралыгында саясатка келгенге чейин Бабанов мамлекетке 2 миллиард 250 миллион сом салык төлөгөн! Бул болгону алты жыл! Андан бери дагы канча акча төлөдү? Кантсе да, анын компаниялары ушул күнгө чейин өлкөгө бир топ сумманы төлөшөт.

Өмүрбек Бабанов тажрыйбалуу менеджер экендигин көрсөттү, ал кыргызстандыктар үчүн жумуш орундарын түзүп, өлкөнүн жыргалчылыгына кам көрүп, кооз имараттарды куруп, ошондой эле мыйзамды сыйлаган жаран катары салыкты үзгүлтүксүз төлөп турат! Мындан тышкары, Бабанов Кыргызстан эли башына кыйынчылык түшкөндө ар дайым биринчилерден болуп жардам колун сунаарын бардыгы билишет. Ал жабыркагандарга жардам берүү максатында жеке каражаттары менен көп учурда берешен болот. Бирок, тилекке каршы, көп адамдар муну эстей бербейт.

Ал ортодо, бир нече жылдан бери мамлекеттик кызматта иштеп келген айрым саясатчылар 30 жылдын ичинде Ысык-Көлдүн жээгинде, Кыргызстанга мейманканаларды, көңүл ачуучу жайларды, пансионаттарды курууга жетишкенин жашырышпайт. Бирок, эмнегедир кыргыз эли кыйын мезгилде аларды көрө албай жатат. Ошол эле учурда суроо туулат, акыркы 20-30 жылда мамлекеттик кызматта жүргөн адам мындай каражатты кайдан алат?