ДомойКоомАйдана: Жигитим кыйнап койду, эне болуу бактысынан кур жалак калдым…

Айдана: Жигитим кыйнап койду, эне болуу бактысынан кур жалак калдым…

Менин атым Айдана. Ата –энемдин жалгыз кызымын..  Мен Ысык-Көлдүн  Жети-Өгүзүнөн  болом. Окууну бүтүп келип, Бишкектеги БГУга “социология” факультетине тапшырдым.
Башымдан өткөн окуяны, өз жашоомду сиздерге  айтып, бир аз да болсо жеңилдегим келет. Балким мага жакшы кеңеш айтасыздар. Балким жаш кыздарга сабак болуп калаар…
Таякелеримдин үйүндө жашап, алдыга койгон максатым – бир гана окуу жайды жакшы бүтүү болду. Андыктан, башымды сабактан көтөрбөй, “үй күчүк” болуп, үйдөн эки жакка чыкпай, татынакай тартибим менен таякелеримдин баарына жактым. Ал эми окуу жайда бирге окуган дос кыздар жана балдар мени көп жактыра беришчү эмес. Себеби, мен алардын барган жактарына, ар кандай көңүл ачуу же башка иш-чараларына такыр катышчу эмесмин. Окуу бүтөөрү менен эч нерсени карабай үйгө кетип калчумун. Үйгө келип үйдүн ичин мизилдете жыйнап, анан сабак окуу, ар кандай китептерди окуу менин өнөкөткө айланган адатым эле. Ушундай күндөр менен арадан тез эле 3 жыл өттү. 3-курсту бүтүп жатканда гурппалаштарым тоого барып эс алып келебиз деп калышты. Менин адаттагыдай көңүлүм келген жок. Бирок баары тең мени жаалап, жок дегенде бизге бир жолу кошулуп, эс алып кел дешти. Менин такыр айлам кетти. Ошондо Максат деген мага жакшы мамиле кылып жүргөн жигит мени узата басып:
-Айдана,  сенден суранам, биз менен тоого барып келчи. Эртең күн абдан жакшы болот экен. Эртең менен эрте чыгып, кечке жетпей эле келебиз. Табиятка суктанабыз, тамагыбызды жейбиз кайра келебиз. – деп жалооруй карады.
Мен Максаттын бул айткандарына негедир ийип кеткенсидим. Себеби, ал жигит мага башкаларга караганда өзүн тыкан алып жүргөндүгү, билимге умтулгандыгы менен жагар эле. Ушундан уламбы, айтор мен анын бул сунушуна:
-Макул. Мен барганга аракет кылам – дедим. Ал мени ошол күнү ойбоюма койбой үйгө чейин узатып келди.
Эртеси баарыбыз Ала-Арчага эс алууга чыктык. Баары ойдогудай эле болду десем болот. Кыскасы, мага жакты. Бирок айрым кыздарыбыздын балдар менен өтө эле ачык тамашалап, кучакташа ойношкону, айтор бири-бирине  тийишкендери жаккан жок. Ал эми Максат эч бир кыз менен тамашалашпай, мени гана жалооруй карап, мага гана жакындоонун амалын көрүп жатканы мага эле эмес, баарына байкалып турду.
Сүйүү деген ушулбу?!
Ошол учурдан баштап Максаттын мага болгон сезимдерин өз алдымча аз да болсо түшүнө баштадым. Бирок мен аны толук түшүнүп-түшүнө электе, бир күнү Максат мага мени сүйөөрүн, менсиз жашай албасын ачык айтты. Мен анын кыз-жигит катары жүрөлү деген сунушуна көпкө жооп берген жокмун. Жооп бергим келген эмес. Ошондой чечим кабыл алгым келген менен, ал чечимге негедир кудуретим жетпеди. Себеби, күн өткөн сайын менин  Максатты жактыруум күчөп бараткандыктан ага терс жооп айтып шагын сыныдыргым келген жок. Ошентип, экөөбүз кыз-жигит катары жүрүп баштадык. Күн өткөн сайын менин бири-бирибизге болгон сүйүүбүз күчөп баратканы экөөбүзгө ачык эле сезилип кетти. Мен барган сайын өзгөрүп кеттим, Максат менен жолугушуум көбөйүп, сабактарыма жетишпей, үйгө да кеч келип, таякемдерге жаман көрүнө баштадым. Бир күнү Максат менен Жаш Гвардияда көпкө олтуруп, андан соң экөөбүз кафеге барып тамактанып чыгып, үйгө  кеч келдим. Сүйүү деген ушулбу деп улам өзүмө суроо берип коём. Максатка жолуктурган тагдырыма ыраазы болуп жаттым.
…Ал мени машинеси менен үйдүн алдына чейин жеткизип келген, машинеден түшүп, экөөбүз кыналыша кеттик. Ал мени коё бергиси келбей улам өпкүлөп жатты. Бир кезде эшик кыйч ачылып:
-Айдана – деген таженемдин ачуу кыйкырганы үнү кулагыма шак угулду. Чочуп кеттим. Ичим бир заматта уйгу-туйгу болуп, бир заматта көңүлүм чөгүп кетти. Максат да чоочугандай, мени коө бере калып, машинесине олтурду, экөөбүз үнсүз коштоштук. Мен Максат менен жарым жылдан ашык кыз-жигит  болуп сүйлөшүп жүрсөм да, анын машинесин үй алдына чейин айдатып келе элек элем. Негедир мен максатка жан дилим менен ишенип, ага берилип бараттым.  Бул жолу ушинтип, ката кетирип, үйдөгүлөргө кармалдым. Кармалганда да ал мени өпкүлөп жатканда кармалдым. Уятыма чыдабай, өзүмчө ыза болдум. Башымды шылкыйтып, үйгө кирдим. Тажеңем, мени катуу урушту. Анын тили ачуу эле. Таякем да мени күтүп жаткансып, уктабай китеп окуп олтуруптур. Ал мени жаман көзү менен бир карап алып:
-Кайда жүрөсүң? Окуу эми бүттүбү? – деп бир корс этти.
Унчукпай өз бөлмөмө кирип кеттим. Тажеңемдин мени таякеме жамандап айтып жаткан сөздөрү мага чала-бучук угулуп жатты. Бир кезде анын:
-Жээн эл болбойт деген ушул, жээниң мени эч көзгө илбей, бир жигит менен кучакташып алып, өбүшүп жатыптыр. Бул кызды үйдөн кетирбесек, эртең бир балээ болуп кетсе, ата-энесине уят болобуз- дегенин толук эле уккандай болдум. Ушул сөздөрдөн кийин экинчи бул үйдө туруп окуй албасымды түшүндүм. Ошол түнү таң атканча кирпик ирмебей, бир таякемдерди, бир ата-энемди, бир Максатты ойлоп, түйшөлүп чыктым. Эртең менен эрте окууга кетип калдым. Мага көңүлү жакын кыздар менен жатаканага  чыгууну чечтим. Кечинде такси айдатып келип, тажеңеме бир ооз  айтып, кийим кечегимди алып, коштошуп чыгып кеттим. Таякем үйдө жок болчу, тажеңем ушунумду күтүп жаткандай эле эч каршы болбой, “келип тур, бат-баттан” –деп айтты.
Кызыган жокмун, бирок кыздыгымдан айрылдым…
Жатакана менен үйдө жашоонун айырмасы асман менен жердей эле десе болот. Ал жакка баргандан баштап менин жашоомо өзгөрүү кирди. Сабакты мурункудай окуй албай калдым. Максат менен көп жолукчу болдум. Жолукпай калсам, мен аны сагына баштайм. Бир күнү ал өзү менен кошо досунун туулган күнүнө барып келүүмдү суранды. Макул болдум. Досу туулган күнүн үйүнө тосту. Үй эки кабатту чоң үй экен. Баш аягы отуздай кыз-жигиттер болдук. Туулган күн абдан шаңдуу болду. Бирок мага жакпаганы жигиттер жана алардан кем калышпай кыздардын көбү шыңгытып ичкиликти ичип жатты. Мен болгону эки курдай көпчүлүктүн кыйноосу менен эки бокал вино ичтим. Максат да кызый түштү. Түн ортосу оогондон кийин дискотека кылышты. Максат мени коё бербей, улам кыса кучактай берди. Бир кезде бийлеген кыз-жигиттерди карасам, азайып калыптыр. Максат мени ээрчитип бир бөлмөгө алып келди. Бөлмөгө киргенден тарта денемди майда калтырак басып, өзүмдү жаман сезе баштадым. Максаттан алыс болууну самадым. Бирок Максат анымды кымындай да сезип койгон жок, бекем кучактап алып, туш келди аймалап кирди. Мен анын жалынып сүйлөгөн сөздөрүн кулагымдын сыртынан кетирип, кучагына чыгууга канча аракет кылганым менен, анымдан эч майнап чыкпады. Максат менин жалынганымды уккан жок, күчкө салып, чечинтип, колдорумду коё бербей, төшөккө сүйрөп, төшүмдөн аймалады. Акыры ал каалаганына жетти… Багынып бердим.  Кыз элем… аныма карабады. Шолоктоп ыйлагынымды, кыйкырганымды деле уруп да ойногон жок. Менин жардам сураганымды угуп, бөлмөгө бирөө-жарым кирип-келеби деп үмүт кылган элем, ал үмүтүмдү да таш капты.

 
Эч ким келбеди. Ошондо негедир мага бул заңгыраган чон үйдө Максат экөөбүз эле калып, баары башка жакка кетип калышкандай сезилди. Абдан кыйналдым. Максат мени көпкө кыйнады. Абдан оорутту… Жөн эле ооруткан жок. Жан дүйнөмдү талкалады. Башка жеримден эмес, жүрөгүмдөн кан агып жаткандай эле сезилди.
Ак шейшепке кыздыгымдын эмес, жүрөктүн каны агып калгандай болду. Мен жактырган жигит ушундай жаман жоругун ишке ашырып, тагдырыма балта чапты. Тамырларым бырчаланды. Эми ал ордуна келбейт. Келген күндө да мурункудай болбойт. Эң аруу, эң таза, эң бийик кыз атым өчтү. Өчкөндө да никеси жок арам жол менен өчтү. Арам жолго азгырылган, жигиттин таттуу сөздөрүнө ишенген мага сооп болгондой эле болду.
Таң атарына аз калган. Ыйлап олтурдум. Максат мени коё берип:
-Жаным кечирип койчу, мен  өзүмдү кармай албай калдым. Сен эч ойлонбой, мен сени кандай болгон күндө да алам. Мен сенсиз жашай албасымды билесиң го – деп күбүрөнүп сүйлөп, бат эле уйкугу кетти. Мен үн каткан жокмун. Максаттан мындайды күткөн эмесмин. Аны жек көрүүм күчөп баратты…
                 Эне болуу бактысына бөгөт койдум
Ошол бойдон мен Максаттан оолак болууга аракет кылдым. Ал болсо улам кечирим сурап, артымдан калбай жүрдү. Арадан көп деле убакыт өтпөдү, бирок  мен тамакка, көп нерсеге көңүл кош боло баштадым. Эки ч ай өткөн соң боюмда бар экенин билдим. Эмне кыларымды билбей башым маң болуп калды. Биринчи эле оюма келгени аборт болду. Эч кимге айтканым жок. Айылдан апамдан кийим, китеп алат элем деген шылтоо  менен акча сурадым. Алар мен сураган акчаны айылдан шаарга каттагандардан берип жиберишти. Жеке ооурканга келип аборт кылдырарымды айттым. Мени менин апамдай болгон курактагы мээримдүү ак халатчан аял жылуу кабыл алып:
-Ай кызым, күйөөгө тийе элек,  төрөй элек экенсиң. Абдан жаман болуптур. Терең ойлондуңбу? Боюңдагы бала болуп улам торолуп келатканда наристени алдырып салсаң, өз турмушуңа балта чабасың, анткени сен экинчи ирет төрөй албай каласың да, эне болуу бактысынан ажырайсың-деп мени абдан аягандай карады.

Менин кулагыма ал эженин айткандары толук кирген деле жок. Себеби, мен кыз болуудан калгандан бери, анан боюмда бар экенин билгенден кийин да абдан катуу депрессияга түшүп кеткен элем. Ушундан уламбы, мен эжеге:
-Эже ансыз деле тагдырыма балта чабылды. Аборт кылдырам-дедим. Эже мени менен сүйлөшүүдөн майнап чыкпасын түшүндү окшойт, айтор оор үшкүрүп:
-Мейлиң кызым, өзүң бил. Биз буга айласыздан көнүп деле баратабыз. Заман бузулду. Өзүмдү да күнөөлүү сезчү болдум. Бүгүн эле эки кызды кабыл алдык-деди. Ошону менен сөз бүттү. Менин жарык дүйнөгө жаралгысы келген, эч жазыксыз наристемди өз уруксатым менен жок кылышты…Өзүм да жок болгум келип ушул ойлор мени улам өзүнө азгырып турду. Бирок мен баарынан да ата-энемди аядым…
                    Максатка тийип алдым, бирок…
Арадан бир жылдай өттү. Убакыт баарын оруна келтире албаса да, аз-аздан дарылай берет экен. Мен акырындык менен Максатты кечирдим. Көрсө менин ага деген жылуу сезимим аз да болсо сакталып, кайра өсүп жаткандай болду. Максат менин колумду сурады. Мен көпкө ойлонгон жокмун. Бар бактымды Максаттан тапкым келди. Макул болдум. Тоюбуз жакшы өттү. Окууну да бүттүк. Үстүбүздө үйүбүз, астыбызда машинебиз бар, оокатыбыз жетиштүү. Кесип боюнча болбосо да ошого  жакын жеке компанияда иштеп баштадык. Кыскасы, баары биз каалагандай болду десем болот.
Максат мени абдан эркелетет. Күндө жумушума келип алып кетет. Экөөбүз жумасына эки жолу кафеден романтикалуу кечки тамактануу кылабыз. Ушундай бактылуу күндөрүбүз 3 жылга созулду. Андан кийин менин Максатым менин төрөшүмдү катуу талап кыла баштады. Мен ага өз башымдан өткөргөнүмдү айткан эмесмин. Айткым да келген эмес. Бир эмес, бир нече ирет врачтарга көрүндүм. Баары тең төрөй алабасымды айтышты. Максат экөөбүз бактылуу жылдардан кийин талашып-тартышып дагы 1,5 жылдай жашадык. Акыры мен ага өзүнөн боюмда болуп калганын, аны алдырып салганымды көз жашымды чуурутуп  ачык айттым. Ал мага ишенбегендей мамиле кылды. Ошондон кийин анын мага болгон мамилеси кескин өзгөрүп кетти. Мен кайрадан депрессияга түштүм… Максат менин абалымды түшүнгөн жок. Мага анын мындай кылганы жаккан жок. Күн өткөн сайын жек көрүү күчөп кетти. Уруш-талашыбыз да көбөйдү. Акыры экөөбүз тең бирге жашай албасыбызды түшүндүк да, ажырашып кеттик.
Жашоо бумеранг…
Ажырашканыбызга быйыл 6 жыл болот. Максат мени таштагандан көп өтпөй эле башка кызга үйлөнгөн. Мен болсо турмушка чыкканым жок. Бирге окугандарымдын бири менен да катышпай калгам. Жалгыз бой батирде жашап, жеке ата-энем жана өзүм үчүн эле жашап жаткандайымын. Максаттын кандай жашоодо жашап жатканынан деле кабарым жок эле. Мындан он-он беш күн мурун Максаттын (биздин гурппалаш) жан досу Урматка капыстан жолугуп калдым. Экөөбүз ал жай сурашкан соң, ал мага сурабасам деле Максат тууралуу бир топ кептерди айтып берди. Уккум келбесе да, уктум. Алган кызы менен алты жылдан бери жашап жатканы менен экөө эмгиче балалуу боло элек экен. Досунун айтуусуна караганда Максат турмуштан абдан жүдөп, аялынан көңүлү калып, бир кездеги мага окшоп, деппрессияга түшүп жүрүптүр. Мен аны аяп кеттим. Ошол гурппалашым  мени бир жумадан кийин жумушума издеп келиптир. Ал жөн келбей Максаттын аманатын айтканы келген экен. Кыязы, Урмат аны көндүргөнбү, же өзүнүн чын ниети ошондойбу, билбейм айтор ал мага Максаттын:
“Мени кечирсин, мен иттик кылыптырмын. Турмуштан жаңылдым. Бул аялым менен ажырашам. Кайра мага турмушка чыгаар бекен, жашоону кайра баштайлы”-деп айтырып жиберген сөзүн уктум. Биринчи бул сөздөрдү укканда Урматты шылдыңдагандай:
-Сен эмне жеңенин ролун аткарып жүрөсүңбү?  Максат менин турмушумду бузган, мен эми анын турмушун бузугум келбейт. Мен максатка тийген кызды да аяшым керек-деген сөздөрдү айтсам, Урмат бул сөздөрүмө кол шилтеп койду да, коштошуп кетип калды. Мен терең ойдо калдым. Кайрадан Максатка баш кошсомбу? Анын аялычы? Ушундай ойлордун кучагында жүргөнүмдө телефонум шыңгырап калды. Алсам Максат экен. Ал учурашкан соң дароо эле:
-Кечир мени Айдана, мен сага иттик кылдым. Мен сенин алдыңда кылган күнөөмдү жууса кетпес. Мен турмуштан жаңылдым. Мен сенсиз жашай албайт экенмин. Сенден кийин алганымдан кол үздүм. Сени менен кол кайрадан кол кармашсамбы деген аруу тилегим бар – деп үнү каргылданып кетти. Менин көздөрүмдөн болсо жаш агып кеткенин өзүм да байкабай калдым. Мен ага эч кандай жооп айткан жокмун. Жөн гана жашымды тыя албай, телефонумду өчүрүп койдум. Андан бери 1 айдан ашуун убакыт өттү. Ал мага күн сайын чалат, чалбаса смс жөнөтөт. Эмне кыларымды билбей, башым катып жүрөт. Максатка кайрадан макул болсомбу, же баш тартсамбы? Макул болгон күндө деле экөөбүз эч качан балалуу боло албайбыз да. Же Максат бала багып алабыз деп айтабы? Багып алган балабыз, өзүм төрөгөндөй болобу? Жалгыздыктан да тажадым. Максатты мурункудай жакшы көрбөсөм да, өтө жек көрбөйм. Кандай кылсам?! Бактымды башкадан эле издегим келет. Бирок кандай адамга туш болом. Бул да чоӊ суроо, турмуштун чоӊ суноосу…
Айдана Самыйбек кызы.
Булак: Чагылган
 

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда