ДомойСаясат2010-жылдан кийин 200 ашык кыймылсыз мүлккө ээ болуп калган Албек Ибраимов “периштемин”...

2010-жылдан кийин 200 ашык кыймылсыз мүлккө ээ болуп калган Албек Ибраимов “периштемин” деп актанганы кандай?

 
Бишкек шаардык соту баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Биринчи Май райондук соту Ибраимовду тергөө бүткөнчө, 29-августка чейин камакта кармоо чечимин чыгарган.
Албек Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев бул чечимдерге каршы Жогорку сотко арыз жолдоно турганын билдирди. Ал Ибраимовду камакта калтыруу чечими мыйзам бузуулар менен кабыл алынып жатканын белгилеп, мындай чечимдер сот бийлигинин аброюн түшүрөт деп айтты. Албек Ибраимовдун жактоочусунун мындай доботуна ким ишенет? Эгер, сот Албек Ибраимовду үй камагына чыгара турган болсо, так ошондо соттордун кадыр-баркы түшмөк. Азыр, бүтүндөй кыргыз эли мамлекетке ири суммадагы чыгым алып келип, эсепсиз байлык топтоп алган Албек Ибраимов жана ал сыяктуу коррупционерлерге катаал жаза берилишин күтүп жатат.
Ушул эле күнү Ибраимовдун 150-200гө чукул тарапкерлери соттун имаратынын алдына чогулушту.
Чогулган тарапташтарынын көбү айылдан, атайын унаалар менен ташылып келингени белгилүү болду. Арасында журналисттердин камерасынан жүзүн жашырып, маек берүүдөн артын карабай качкандар кезикти.
Албек Ибраимовго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда «270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четинде беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деп айып коюп, камакка алган. Мындан тышкары ага 23-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинде (“Коррупция”) каралган кылмыш белгилеринин негизинде жаңы айыбы угузулган. Маалыматка караганда, Ибраимовго бул айып жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык жер участокторун пайдаланууга берүүдөгү коррупция фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш иштеринин алкагында тагылды. Бир нече кылмышка шектелген Ибраимов 19-июлда кармалган. Ал учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурат.
Албек Ибраимов УКМКнын тергөөчүсү жиберген чакырууга моюн сунбай, ал Арашандагы 33 гектар аймакты тосуп алып салган үйүнө жашынып жатып алган. Кийин, Албек Ибраимовдун үнүнө окшош, “мен коррупция менен 20 жыл камалгандан көрө, адам өлтүрүп камалган жеӊил. Снайпер дайындап койдум, келгендерди аттырып салам”,-деп айтып жаткан аудио-жазуу тарап кеткен.
Бир катар коррупцияга шектелип камакка алынган Албек Ибраимовдун байлыгынын тизмеси чыккан. Анын, ар бири 10 гектардан турган 31 жер тилкеси бар. Жалпы 310 гектар жер тилкесине ээлик кылат. Мындан тышкары Албек Ибраимов 200 ашык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөргө ээлик кылат. Мындай байлыктарга ал 2010-жылдан кийин ээлик кылган. Албек Ибраимов ага чейин экс-президент Алмаз Атамбаевдин иш каналарынын биринде “таразачы” болуп иштеген.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда