ДомойСаясатИсмаил Исаков: “Атамбаев саясий авантюристтик кадамга барышы мүмкүн

Исмаил Исаков: “Атамбаев саясий авантюристтик кадамга барышы мүмкүн

— Президент Сооронбай Жээнбековду экс-президент Алмазбек Атамбаевдин пиарчылары ыгы келбесе да каралап, Фарид Ниязов баштаган топ түрдүү жомокторду токуу менен элге жек көрсөтүүнү күчөттү. Мындай көрүнүш Атамбаевдин бийлик үчүн баарына даяр турганын далилдеп жаткан жокпу?
— Экс-президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү акыркы саясий окуялардын айынан улам саясий авантюристтик кадамга барышы мүмкүн. Атамбаевдин мүнөзүндө саясий авантюралык кадамдарга барууга шыгы бар. Мындан улам, ал атайын кызматтар өлкөдө башаламандыкка жол бербөөгө даяр болушу керек.
— Президенттин акыркы аракеттери, коррупцияга каршы күрөш боюнча пикириңиз кандай?
— Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам чегинде иш алып барып жатат. Анын натыйжасында туура эмес иш жасагандардын кылмышы ачылууда. Атамбаевдин айланасындагы адамдардын көпчүлүгү жегендери эми чыгууда. Демек айланасындагы адамдар кандай болсо өзү да ошондой дегенди түшүндүрөт. Азыр эки ажонун ортосунда тирешүү улана берет. Атамбаев авантюралык аракеттерге барып, жок кылганга аракет кылат. Муну анын мүнөзүн билген улам айтып жатамын. Анткени андай ишти жасоого шыгы бар.
Булак: “Марал” радиосу

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда