ДомойСаясатАтамбаев 6 жыл жанында алып жүргөн Раим Матраимовду эми жамандаганы кандай?

Атамбаев 6 жыл жанында алып жүргөн Раим Матраимовду эми жамандаганы кандай?

Экс-президент А. Атамбаев бүгүнкү күндө президент С. Жээнбековдун ар бир кадамын, ар бир сүйлөгөн сөзүн «элекке» салып турганын байкоого болот. «Эртерээк жаза басып алса экен, эртерээк мага бир шылтоо таап берсе кыйкырып чыга калат элем» деп гана турганын да айтып коюу кажет. Себеби, ал өзүнүн башкарган алты жылында коррупцияга белчесинен батып калганы ачыкка чыга баштады. «Оң кол», «сол колу» менен эч тартынбастан миллиондорду ашаган экен. Ошондон улам ал бүгүнкү күндө президент С. Жээнбековго каршы катуураак үн чыгаруу үчүн шылтоо издеп турган убагы. Андыктан ар кандай жагдайларга чап салып көрүүдө. Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Раим Матраимовдун доо арызы боюнча 25-июлда чечимин чыгарганы маалым. Тактап айтсак, райондук сот Р. Матраимовду кайра кызматына кайтууга уруксат берген чечимин чыгарды.
Эске сала кетсек, ал өткөн жылдын аягында ал кездеги премьер-министр С. Исаковдун буйругу менен (ал кездеги президент А. Атамбаевдин жеке оозеки берген буйругунун негизинде) кызматтан бошотулган эле. Мындан улам Р. Матраимов өзүн кызматтан мыйзамсыз бошотулуп калганын айтып, сотко кайрылган. Мына ушул соттун чечими боюнча экс-президент А. Атамбаевдин билдирүүсүн КСДП партиясы маалымат булактарынын бири аркылуу коомчулукка жарыялады. Анда А. Атамбаев Р. Матраимовдун кызматына кайтып баруусуна уруксат берген райондук соттун чечимин өзүнүн 2018-жылдын 6-июнундагы саясий билдирүүсүнүн далили деп билдирет. «Тактап айтканда, мамлекеттик ишмерлерди (Сапар Исаков жана Кубанычбек Кулматов) камакка алуу чечими, факты жүзүндө бул «Раим-миллиондун» достору жана коргоочулары тарабынан жасалган өч алуу деп айтканымдын далили», — дегендей кылат АША. Албетте, А. Атамбаев мындан башкача сүйлөй албайт. Анын бар болгон, карманган «көзүрү» Раим Матраимов болуп турат. Эптеп эле ошону бетке карманып, учурдагы бийликке элди каршы тукуруу аракетин көрүп атканы ачык билинди. Мындай аракети менен ал эптеп эле өзүнүн артынан чукулуп келаткан былыктарынан коомчулуктун көңүлүн башка жакка бурууну каалоодо. Биринчиден, А. Атамбаев өзү бийликте турган кезде: «Биз сотторду тазаладык, эми соттор акыйкат чечим чыгарат, бийликке көз каранды болбойт» деп айтып жүргөнүн билебиз. Азыркы иштеп аткан соттордун баары экс-президенттин убагында кызматка келгендер. Демек, Раим Матраимов боюнча чыгарылган соттун чечимин дагы А. Атамбаевдин убагында дайындалган сот чыгарды. Экинчиден, Р. Матраимов коррупционер болсо, анда неге аны 6-7 жыл бою канатына калкалап, улам жогорку кызматка көтөрүп келди? Муну коомдук ишмер Азимбек Бекназаров да маалымат булактарынын бирине ачык айткан. Азимбек мырзанын айтымында Р. Матраимовду Оштон кызматтан кууп жиберишкенде, А. Атамбаев менен К. Кулматов анын 700 миң долларын алып, кайра кызматка коюп коюшкан. Дагы ишенимдүү булактардан алынган маалыматтар боюнча Р. Матраимов А. Атамбаевге айына 15 млн доллардан алып келип берип турган. Ошондо бир жылда 180 млн доллар болот. Аны алты жылга эле көбөйтсөңүз, АША Р. Матраимовдон эле өзүнүн президенттик мөөнөтүндө 1 млрд доллардан ашуун акча алган. Анан президенттик мөөнөтү аяктап баратканда, ошол акчалар башка бирөөлөрдүн чөнтөгүнө бурулуп кетпесин деген ой менен аны кызматтан алдырткан. Үчүнчүдөн, райондук соттун чечими – бул акыркы чечим эмес. Р. Матраимовдун доосу боюнча эми дагы алдыда эки инстанция бар. Андыктан «Матраимовду кайра кызматына алып келип салышты» деп кыйкырууга өтө эрте. Төртүнчүдөн, АША өзү «Мен Р. Матраимовду кызматтан алуусун С. Исаковдон катуу талап кылгам» деп ачык айткан. Демек, ал өзү мыйзам бузганын мойнуна алып жатабы? Ал оозеки буйрук менен өкмсөт башчысын кимдирн-бирөөнү кызматтан алдырууга укугу бар беле? Буга ал эмне деп жооп берет? Негизи эле мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилигин дайындоо – бул өкмөттүн иши. Бирок, АША муну президентти көздөй багыттап атканы кызык. Анын көздөгөнү эмне? Эптеп эле өлкөбүздө башаламандык салуу эмеспи.

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда