25-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

24-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Баткен облусунда жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын облусунда жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 24…29,
Баткенде, Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн 16…21, күндүз 31…37,
Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28,
Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° болот.

Аргумент.kg