ДомойКоомЖаркын жашоо үчүн берилген 10 кеңеш

Жаркын жашоо үчүн берилген 10 кеңеш

“Убактым жок” дебестен, ар бир күндү план менен баштап, баардыгына убакытты тең бөлүп, жетишүүгө болот. Эгер чындап эле өз жашооңузду өзгөртүүнү кааласаңыз, кийинки эң жөнөкөй кеңештер сизге тирек болсун.
“Адам – кааласа убакыт табат, каалабаса шылтоо табат!»
1. Кеминде 30 мүнөт көнүгүү менен алек болуңуз!

“Кыйналып калам” десеңиз, 30 мүнөттү тең экиге бөлүп, 15 мүнөттөн өзүңүз билген, спорттук көнүгүүлөр менен машыгыңыз. Денени чоюңуз, йога, сууда сүзүү, тенис, бий же болбосо фитнес болобу, өз жан дүйнөңүзгө жаккан, көп кыймылды талап кылган көнүгүүлөрдү жасаңыз. Эң негизгиси бул көнүмүш адатка айланышы жана бүтүндөй булчуңдарды ишке киргизип, жакшы маанай тартуулашы зарыл.
“Спорт – ден соолуктун булагы” деп бекеринен айтылбаса керек…
2. Керектүү өлчөмдө суу ичиңиз!

Бул туурасында канчалык көп айтылса да, сууну аз ичкен аламдар дагы деле көп. “Суу — өмүр булагы”. Аны эч качан эстен чыгарбоо керек! Суу менен көптөгөн организмдеги шлак, туздар, уулуу заттарды чыгаруу менен ал сергектик жана жылмакай терилүү болуп жүрө аласыз. Таза, табигый суу ичүү — абдан пайдалуу. Биздин денебиз 80 % суудан турат. Суу жеткиликтүү өлчөмдө болсо, органдар жакшы иштейт.
3. Күнүмдүк пландарыңыздын тизмесин жазыңыз!

Сөзсүз түрдө иш планыңызды кагазга түшүрүңүз! Ал тизме — ийгиликке жолдомо болот. Күнүмдүк, айлык, жылдык планыңыз жок болсо, келечектин багыты жок. Пландар — адамды өз өмүрүн башкара алаарын жана ал өз жашоосунун «Кожоюну» экенин көрсөтөт. Андай адам кайда бет алганын билет жана максаттарына өзү түзгөн план менен жетет. План — ачык, так көрсөтүлүшү керек: кайсыл күнү, саат канчада, кайсы мүнөттө… Сиздин түзгөн план — эч качан болжолдуу түрдө болбосун жана аны учурунда так аткарыңыз!
4. Эч качан зарыл иштерди калтырбаңыз!

Өз планыңыздагы иштердин эң зарылын өзгөчө белгилеңиз. Иштин эң зарылынан жана убакытты көп талап кылганынан баштаңыз. Көптөгөн адамдар ушул принцип аркылуу ийгиликти багындырган. Себеби, эң зарыл — иштер өз убагында бүтөт. Көп убакытты талап кылган иштер бүткөндө, кечке чейин жүрөк заада кылбайт. Ал эми кечки убактыңызды үй-бүлө, жакындарыңыздарга тартуулаганыңыз туура болот.
5. Акчаңызды туура сарптаңыз!

Акча — сырдуу касиетке ээ. Капчыкта канча болсо да, бат түгөнөт. Өзүңүздүн күнүмдүк чыгымыңызды өлчөп, андан көп сарптабаганга аракет кылыңыз. Бул өзүңүздүн кирешеңизди баамдоого, өз каржыңызды башкарууга жакшы өбөлгө түзөт жана жыйынтыгында карыз жок жашоого мүмкүн. Ушул жол менен чоң буюмга же саякатка акча топтосо болот. Көптөгөн адамдардын маселеси айлыктын аздыгында эмес, а көп сарптаганды адатка айланткандыгында жана киреше-чыгашаны башкара албаганында.
6. Кирешени көбөйтүүгө жок дегенде бир кадам таштаңыз!

Бир гана айлыктын көзүн карап жашагандар «Баары соонун» деши мүмкүн, бирок андай эмес. Азыртадан акча агымын издеп, жумушуңуз жок болсо, туруктуу жумушка орношуңуз же жеке бизнесиңизди баштаңыз. Жеке бизнес ачам десеңиз, шашпай пландап, капчыктын абалына карап, ойлонуп кадам таштаңыз. “Акчам аз, бул эмнеге жетмек эле?” дей турган болсоңуз, жаңылышасыз. Эсиңизде болсун, “Тамчыдан көл куралат”. Бизнес баштоодо, анын кирешесине көз таштабаңыз. Аны өнүктүрүп кетүү — бир гана сиздин колдо!
7. Баардык нерсеге ыраазы болуңуз!

Жашооңузда бир гана жакшы тараптарды байкоого аракет кылыңыз. Сизге болгон жакшылыктарды эстен чыгарбаңыз жана жамандыктарды тез аранын ичинде унутуңуз. Жамандыктын ордун жакшылык менен толтуруп, жакындарга жакшы маанай тартуулаңыз. Жатаарда өткөн күндүн үч жакшы ирмемдерин эстеп, күндөлүгүңүзгө жазып коюңуз. Бул «Бактылуулуктун үч ирмеми» илимий жактан да бааланган. Бир жума тажрыйба жасап көрүп, жакшы өзгөрүүлөрдү байкасаңыз болот.
8. Өзүңүзгө жок дегенде 20 мүнөт убакыт бөлүңүз!

Күнүмдүк иштерде же бирөөгө жардам берем деп дененин күчүн, ички дүйнөнүн кубатын сарптайбыз. Убакыт таап, эс алганды унутпаңыз. Жалгыз калып, оюңузду бир калыпка келтириңиз. Өзүңүзгө жаккан хоббиңизди аркалаңыз.
9. Позитивдүү болуңуз!

Жашоо мыйзамы боюнча, сизден чыккан жакшылык — сөзсүз кайтып келет. Анын үстүнө бирөөгө жакшылык кылуу менен сиз бул дүйнөнү да жакшыртасыз. Белекке буюмду гана тартуулабастан, жакшы маанай, жылмаюу тартуулоого болот. Бүт жагдайда сабырдуу болуңуз. Болуп жаткан окуяларга позитивдүү көз караш менен кароо — өзүнө ишенген адамдарга таандык.
10. Жакындарыңызга кам көрүңүз!

Көр оокаттын айынан, жашоонун маңызы — биздин жакындарыбыз экени эстен чыгып кетет. Алар бизди эч бир шартсыз жакшы көрөт. Алар сизде убакыт болгуча күтүүгө даяр. Бирок, сиз кечигип калышыңыз мүмкүн. Жок дегенде жакындарыңызга күнүнө бир жагымдуу иш жасаңыз. Ата-энеңиздин ден соолугун сурап, аларга белек тартуулаңыз, алар менен бир жакка барып эс алыңыз.

Берилген кеңештер — көп күчтү талап кылбайт. Андыктан аны күнүгө пайдаланыңыз. Жыйынтыгы, сиздин жашооңузга айкалыштык тартуулайт.

БУЛАК: gezit.kg

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда