ДомойСаясатТаласта 11 кг алтын үчүн жайыт жер жана токой казыла баштады. Башында...

Таласта 11 кг алтын үчүн жайыт жер жана токой казыла баштады. Башында ким турат?

Кен казыла турган аймактын аянты 625 гектарды түзөт. Ал эми чыга турган чачырама алтындын болжолдуу көлөмү болгону 11,3 килограмм. Бул аянт какыраган жер эмес, 208 гектары токой, калганы жайыт. Экологдор кыйылган токой 100-150 жылда дагы калыбына келбейт деп коңгуроо кагууда.
Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы «Үрмарал» дарыясынын жээгинде алтын казуу иштери башталды. Ошондой эле токойдогу бак-дарактар кыйылып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган аймактын тургундары WhatsApp каналы аркылуу билдирди.
Алардын айтымында, эл 27-июндан бери алтын казуу иштерине каршы акция өткөрүүдө. Тургундар «Үрмарал» дарыясынан беш айыл өкмөттүн миңдеген тургундары суу ичерин белгилешкен.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынын өкүлү Махабат Мансурова «Үрмарал» кенин иштетүүгө уруксат берилгенин ырастады.

Добыча золота у реки Урмарал в Бакай-Атинском районе Таласской области
кен казыла турган аймактын аянты 625 гектарды түзөт. Ал эми чыга турган чачырама алтындын болжолдуу көлөмү болгону 11,3 килограмм

«2017-жылдын 4-майында Бакай-Ата районундагы мамлекеттик администрацияда «Үрмарал» кенине аукцион өткөн. Баштапкы баасы 6250 доллар болчу. «Полюс Голд Кей Джи» ЖЧКсы 7525 доллар сунуштап жеңип алган. Аталган жерден чачырама алтын алынганы жаткандыктан цианид жана башка химиялык заттар колдонулбайт. Андыктан экологияга зыяны жок», — деди Мансурова.

Анын айтымында, кен казыла турган аймактын аянты 625 гектарды түзөт. Ал эми чыга турган чачырама алтындын болжолдуу көлөмү — 11,3 килограмм.
Аталган жер аянты айыл өкмөттүн карамагында болгондуктан Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Жамал Орозбаев менен байланыштык. Анын айтымында, 625 гектар какыраган жер эмес, 208 гектары токой, калганы жайыт болуп эсептелет.

Добыча золота у реки Урмарал в Таласе
Бул аянт какыраган жер эмес, 208 гектары токой, калганы жайыт

«Алтын каза турган компания чалгындоо иштерин жүргүзөөр алдында «техника алып келдик, мындай иштер аткарылат, мынча кызматкер керек, рекультивациялык (казылган жерди калыбына келтирүү) эсепке жылына баланча сумма которулат, социалдык пакет мындай болот» деп бизге алдын ала билдирүү бериши керек эле. Бирок алар мунун бирин жасабастан, ишти баштап киришкен. Жергиликтүү бийликтин укугун жеке компания келип тебелеп кетти. Казуу иштери жүрүп жаткан учурда тургундардын жеке менчик жери дагы казылып кетип, алар бизге кайрылганда гана кенде иш башталып калганын билдик», — деди Орозбаев.
Ал ошондой эле аталган компания суунун нугун буруу үчүн өзүнчө арык казып койгонун кошумчалады.

«Лицензиянын баасы 10 миң долларга дагы жетпейт. 625 гектар жердин 208 гектары токой, калганы жайыт. Беш айыл өкмөттүн эли «Үрмаралдан» суу ичет, талаалар сугарылат. Жер казыла баштаса малга жайыт жерлер калбай калат. Машина иштеген жерде күйүүчү май колдонулат, чаң сапырылып сууну булгайт», — деди айыл башчы.

Орозбаев жер казынасы боюнча мыйзамда  мамлекеттен лицензия алган компания жергиликтүү бийлик уруксат берсе да, бербесе да ишин жүргүзүүгө акылуу экени көрсөтүлгөнүн белгиледи.

Добыча золота у реки Урмарал в Таласе
Экологдор кыйылган токой 100-150 жылда дагы калыбына келбейт деп коңгуроо кагууда

«Биз компанияга уруксат бербеген күндө дагы лицензия алган компания ишин баштай алат. Бирок айрымдар туура эмес түшүнүп, бизди жаман көрүп жатат», — деди ал.

Акча. Архивдик сүрөт

Ошентсе да айыл башчы компания социалдык пакет жана рекультивациялык эсепти ачуу боюнча маселелерди жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүгө милдеттүү экенин кошумчалады. Муну Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети дагы ырастады.Ал эми Бакай-Ата райондук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын инспектору Сабыр Жунусов көрсөтүлгөн жердин 40 гектардан ашыгы Токой фондусуна кирбесе дагы токой баскан жер экенин билдирди.

«Азырынча алтын өндүрүү иштери баштала элек. Эгер башталып калса токой жок болот. Бирок ишкана рекультивациялык иштерди өз мойнуна алган. Андыктан бак-дарактарды тиксе, алар 10-15 жылда жетилип, токой калыбына келет», — деди Жунусов.

Бирок инспектордун мындай оюна эколог Жамиля Айтматова таптакыр кошулбайт. Анын айтымында, талкаланган токой 100-150 жылдан кийин калыбына келиши мүмкүн, бирок буга да кепилдик жок. Ал эми эл ичүүчү суусу жок, миграцияга тушугушу ыктымал.
«Чачырама алтын «Үрмарал» дарыясынын жанында казылса, суу кирдеп баштайт. Тагыраагы, жергиликтүү тургундар үчүн ичүүчү суунун сапаты чоң суроону жаратып калат. Эгер элдин дарыядан башка суу ала турган булагы жок болсо, кум, топурактын бөлүктөрү аралашкан кир сууну ичүүгө аргасыз болот. Бул, албетте, элдин саламаттыгына таасир этет. Ал эми кыйылган токойлор теория боюнча 100-150 жылда калыбына келет. Калыптанбай калышы да толук ыктымал. Айрыкча суунун жанындагы токойлорду жок кылуу өтө кооптуу. Себеби жер алдындагы суу ылдый тартылып, дарыя суусунун көлөмү кескин азайып кетет. Ушундан улам аймак масштабындагы катастрофа жаралып, жергиликтүү тургундар башка жакка көчүүдөн бөлөк арга таппай калат», — деди эколог.
Ал ошондой эле бак-дарактар кыйылганда жер коргоочу катмарынан айрылып, арыктап, эч нерсе өспөгөн какыр жерге айланарын белгиледи.

«Мисалы Сулуу-Тегерек кенин алалы. Кичине кезимде ошол жерде болгом. Укмуштуудай кооз жер эле. Азыр эмнеси калды? Бак-дарактын баарын кыйып бүтүштү. Качан калыбына келтирилерин эч ким билбейт. Бул кен казуу иштеринин көзөмөлгө алынбагандыгынын кесепети!» — деди Айтматова.

Эколог Кыргызстан өтө кичинекей өлкө экенин, мындай иштер кайталана берсе эл жаратылыш берген бардык байлыктан куру кол каларын эскертти.

Кенди иштетем деген ким?

Забастовка водителей, которые доставляют уголь на Бишкекский ТЭЦ

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, «Полюс Голд Кей Джи» жоопкерчилиги чектелген коому эки жыл мурда, 2016-жылдын июнь айында каттоодон өткөн. Анын жетекчиси катары кыргызстандык Акимов Андрей Владимирович аттуу киши көрсөтүлгөн. Финансы министрлигинин «Ачык бюджет»порталындагы  маалыматка караганда, ишкана ушул күнгө чейин бир да жерден бир сом тапкан эмес.Кендин иштешине караманча каршы туруп, маселени Жогорку Кеңеште көтөргөн депутат Зарылбек Рысалиев компаниянын жетекчиси Андрей Акимовдун дайын-дарегин билүү үчүн тийиштүү кызматтарга чейин кайрылууга жетишкен.

«Мамлекеттик органдарга кайрылып, бул адамдын эмне байлыгы бар экенин текшертсем, эч нерсеси жок болуп чыкты. Жөнөкөй эле ишкер экен. Ал эртең куйругун түйүп качып кетсе ким жооп берет? Биз элге таза суу чыгартып берели деп чуркап жүрсөк, башкалар ичип жаткан сууну булгагысы келет. Болбогон тыйын үчүн эл ичип жаткан сууга кыянаттык кылуу кантип болсун? Ким иштин башында турса да уят! УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бул ишти текшериши керек. Балким алтындын чыныгы көлөмү жашырылып жаткандыр», — деди эл өкүлү.

Ал ошондой эле кенди иштетүү чечими элдин макулдугу же каршылыгы жок чыгарылып калганы акылга сыйгыс көрүнүш экенин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы компаниянын жетекчиси Андрей Акимовдун өзү менен байланыша алган жок. Бирок анын орун басарымын деген Нурбол Шырдаков кендеги иштер боюнча маалымат берди.

Митинг. Архивдик сүрөт

«Негизи келишим 2025-жылга чейин түзүлгөн. Бул аралыкта 625 гектар жерге этап-этабы менен чалгындоо иштери жүргүзүлөт. Бул жердин бардыгы казылып кетет дегенден алыс болуш керек. Учурда 10 гектар 70 сотых жер казылганы жатат. Кийинки чалгындоо иштеринде канча аянт белгиленсе, ошончо жер казылып кете берет. Кенге тийиштүү документтердин бардыгын алганбыз, бирок эл каршылык акциясына чыкты. Алар химикат колдонулат деп коркуп жатышат. Негизи чачырама алтынды өндүрүүдө уулуу заттар колдонулбайт. Суу менен гана жуулуп, элек пайдаланылат», — деди Шырдаков.Ал ошондой эле казылган жерлерге рекультивациялык иштер жасаларын баса белгилеп, кыйылган бактардын ордуна көчөттөр отургузуларын кошумчалады.

«Жерди калыбына келтирүү иштерине атайын эсеп ачылган. Иш жүргөн сайын каражат которуп турабыз. Бул жер чоң кен болбогондуктан айылдарга социалдык пакет түзүлгөн жок. Андыктан ар бир айыл өкмөт менен сүйлөшкөнүбүзгө жараша акча бөлүнөт. Бирок мындай келишимдер алтын казыла баштаганда аткарылат», — диди ал.

Шырдаков кенди иштетүүгө, рекультивация иштерин аткарууга компаниянын канча каражаты бар экенин айтуудан баш тартты. Бирок чыгымдарга акча жетерин белгиледи. Ал ошондой эле эл каршылык акциясына чыккандыктан иш убактылуу токтотулганын кошумчалады.

ЖК төрагасы премьер-министрге кайрылганда…

Дастан Жумабеков Sputnik Кыргызстан агенттигинин радиосуна маек куруп жатып компания өлкө мыйзамдарын одоно бузуу жолу менен ишин баштаганын билдирди.

«Компания эрежелерди сактабай иш жүргүзүп жатканын эл өзү барып билип калыптыр. Элге ыраазычылык билдирем. Ал жерде бак-дарактар кыйылып, сырттан келген жарандар уруксаты жок иштеп жаткан. Кенди казууда суу булгана тургандыктан иш убактылуу токтотулду. Бул маселе боюнча премьер-министр менен дагы сүйлөштүм», — деди төрага.

Ал компания ишин улантар-улантпасын өкмөт чечерин кошумчалады.

Чачыранды алтынды өндүрүүдөн зыян тапкандар

«Үрмарал» кенин казууга уруксатын берген Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен «Полюс Голд Кей Джинин» өкүлдөрү чачырама алтынды казууда химиялык заттар колдонулбай турганын айтып, экология зыян тартпайт деп ишендирүүдө. Ошентсе да так ушул чачыранды алтынды казуудан суусу булганып, оозу күйгөн өлкөлөр жок эмес.

Жалпы кызыкчылыкты издөө эл аралык уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси, билим берүү тармагында серепчи Кеңешбек Сайназаров

Алыс кетпей жакынкы Россияны алалы. 2013-жылдын июль айында «Озерный» участогунда кен үчүн курулган дамбадагы 30 тонна кир суу (курамында чопо аралаш эритме болгон) жарылып, Большая Мурожная, Ангара жана Енисей дарыяларына куюлган. Красноярск крайынын прокуратурасы ишкананы 400 миллион рубль төлөсүн деп сотко берген.Ал эми 2013-жылы Алтай дарыяларын булгады деп дагы бир компания айыпка жыгылган. РИА Новости агенттигнин жазганына караганда, чачырама алтынды өндүрүп жаткан компания Андоба дарыясынын суусун колдонуп турган. Эреженин бузулушунан улам дарыяга жасалма көлмөлөрдөгү кир суу кирип кеткен. Анын кесепетинен Андоба гана эмес, ал кошулган Каурчак жана Лебедь дарыяларынын суусу булганган. Суунун курамын лабораториядан текшергенде зыяндуу заттар 31 эсеге көп болуп чыккан.
Мындан тышкары, Россиядагы флорасы укмуш делген Залесовский коругунан дагы чачырама алтын жана башка кендерди казуу маселеси көтөрүлгөндө токойду кыюуга каршы 20 миңден ашык адамдын колу топтолгон.

БУЛАК:sputnik.kg

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда