ДомойСаясатӨмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

2017-жылы президенттикке талапкерлигин койгон Өмүрбек Бабанов өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу уулуна «алтын сертификат» тапшырган мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго ыраазычылыгын билдирди.

«Баламдын ийгилиги менен куттуктап, жакшы каалоо айтканыңызга терең ыраазымын», — деген Бабанов.

Бүгүн, 3-июлда, мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында республикалык жалпы тестирлөөдөн жогорку упай топтогондорго алтын сертификат тапшыруу аземи болду. Президент Сооронбай Жээнбеков бүтүрүүчүлөргө ноутбук жана акчалай сыйлык тапшырды. Мамлекет башчынын колунан сыйлык алгандардын арасында саясий кадамдарынан улам өлкөнүн сыртына чыгып кеткен мурдагы депутат Өмүрбек Бабановдун уулу болду. Жээнбеков Нурэмир Бабановдун бетинен өөп, сыйлыгын тапшырды.
БУЛАК: sputnik.kg
 

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда