Мирлан Баеков: «Үйдү бүтүрүү үчүн дагы бир “Кызыл өрүк” керек болуп турат»

«Кызыл өрүк” , “Ата тилеги” деген ырларсыз азыр кыргыздын тою өтпөсө керек. Элдин табитине ылайык чыгармаларды жараткан ырчы жигит кызыктуу маектеш. Анан да жөнөкөйлүгүнөн жазбай келет. Учурда Мирлан Баеков убакытысынын көбүн курулуш иштерине жумшап жаткан кези. -Мирлан мырза, “радиого ыр таштап келатам” деп калдыңыз. Жаңы эмгек жараттыңызбы? -Негизи мен чыгармачылыгымда элге окшобогон, өзгөчө ырларды жаратканды жакшы көрөм. Ойлонуп көрсөм медайымдарга арналган чыгармалар дээрлик жок экен. Алдыда доктурлардын майрамы келе жатпайбы, ошолорго арнап “Ак халатчан” деген чыгарма жаздырып, клип тарттырдык. Сөзү, обону Майрамбек Осмоновдуку. Апрель айында клип тартылып баштаган, майрамга туштап даяр кылдык. -Учурда эл катары жаңы конуштардын биринде үй салып атыптырсыз. Курулуш иштери кандай жүрүп жатат? -Үй салат десе эле элдин баары эки кабат чоң үй баштайт эмеспи. Мен да элден кем калбай эки кабат үй баштап алып бүтө албай жатам. Дубалы тургузулуп, үстү жабылган. Эми ичин бүтүрүү керек. (Күлүп) Үйдү бүтүрүү үчүн дагы бир “Кызыл өрүк” керек болуп турат. Ансыз деле акыркы үч жылдан бери тапкан-ташыганымды үй иштерине жумшап атып, чыгармачылыгым бир аз солгундай түшкөнсүдү. Учурда экөөнү тең бир алып кеткенге аракет кылуудамын. -Усталарды жалдадыңызбы же өзүңүз эле кара жумушту катырасызбы? -Негизи буга чейин усталарды жалдап салдырдык. Себеби өзүмдүн колум той-топурдан бошобойт. Буга чейин айылдан атама, шаардан иниме үй салганбыз. Курулуш иштерин жасоо колумдан келет. Кара жумуштан көңүлүм калган деле жок. Тирүү жан болгондон кийин кыймылдап жумуш жасаганга эмне жетсин. Мындан аркы жумушту өзүм жасаймбы же уста жалдаймбы убакыт көрсөтөт го. Учурдан үйдүн ичине тепкичти кайнатам орнотуп берди. Себеби, атам темирге жан киргизген уста киши. Мага жардам болсун деп тепкичтерди өз колу менен жасады. — Ырчылык менен каражат таап үй салуу оор иш бекен? -Менин кирешем ырчылыктан гана түшөт. Иштин көзүн таап изденип иштеп турсаң, бул тармактан деле жакшы каражат тапсаң болот. Бирок ырчылыкты карап отура бербей кошумча киреше алып келчү булак ачыш керек экен деп ойлоно баштадым. Азыр кайсы тармактан ишкерлик кылса болот деп изилдеп, ойлонуп атам. -Азыр ырчылардын көбү тойго ылыйыктап чыгарма жаратып калышты. Булардын башында “ата тилеги” деген ырыңыз менен сиз турасызго дейм? -Мен атайын тойго ылайыктап ыр жазбайм деле. Мисалы, “Ата тилеги” деген ырым 2011-жылы чыккан. Ал кезде кыз узатуу тойлору дээрлик жок болчу. Бул ырыман кийин башка ырчылар “акчанын баары бул жакта турбайбы” деп мени туурап үлпөт тойго, кыз узатууга ылайыктап чыгармаларды жарата башташты. Бирок менин ырымды бири да басып өтө элек деп ишенимдүү айта алам. -Бир үйдүн улуу баласы катары жоопкерчиликти сезип, бир туугандардын кызыкчылыгын өзүнүздүкүнөн жогору койгон учурлар болобу? -Менлен кийин эки иним, эки карындашым бар. Азыр баары үйлөнүп жайланды. Өз турмуштары менен алек. Кичине кезимде ата-энем конокко кеткенде тамагын жасап берип, баш-көз болуп калчумун. Кийин чоңойгондо алардын алдындагы жоопкерчилигиң да чоңоёт экен. Карындаштарымды окутканга, инимди үйлөнтүп –жайлантканга жардамым тийди. Азыр төртөө тең менин эмгегимди баалап, агалап турушат. Мен үчүн бул сыймык. Чыгармачылык деп жүрүп өзүм 30га чыкканда үйлөндүм. -Кайдан жүрүп Нарындык кыздын кармап калдыңыз? -Кафеде музыкант болуп иштеп жүргөндө администратор: “Ырчы кыз керек”,-деди. Искусство университетине барып жарыя кылдык. 4-5 кыз сынакка келди. Арасынан таланты да, түсү да бары Созул экен. Экөөбүз 1,5 жыл сүйлөшүп жүрүп таарынышып кеттик. Ортодо эки жылдай көрүшпөй калдык. Бирок мен аны сүйгөндүктөн сыртынан акмалап, иштеген жерине барып көрүп кетмейин санаам тынчыбайт эле. Кийин кайрадан элдешип баш койтук. Созул-түшүнүктүү жан. Дайыны жок кызганбайт деле. Кээде эле: “Убакыттын баарын студияда өткөрөсүң, бизге көнүл бурбайсың”, — деп таарынып калат. Университетте сабак берет. Рамир аттуу уулду төрөп берди. Учурда балам төрт жашта. -Көп бир туугандардын арасында чоңойгон бала өзү да кийин көп балалуу болгусу келет” дешет. Сиз канча балалуу болом деп тилек кылчусуз? -Негизи мен баласаакмын. Уулум менен күндө видеочалуу менен сүйлөшүп турбасам куса болуп кетем. Эки кыз, эки уулум болсо деп тилек кылам.Жашыбыз деле отуздан ашып калды. Төрт балауу болбосом дагы ошого жакындатканга аракет кылыш керек. -Бала чагыңыз оор болгонун айтып каласыз. Ата-энеңиздин кимисине ынак өстүнүз? -Апам ыр жандуу, талантуу адам эле. Мен да ырчылыкты жакшы көргөндүктөнбү же табиятым ушундайбы айтор, апама аябай жакын өстүм. Атаман сүрдөп оолактап, апам менен сырдашып жүрчүмүн. Атам менин ырчы болушумду каалабай: “Милиция кызматкери бол, ырчылык олуттуу кесип эмес”,-деп мээме куйчу. Балким, өзү бала чагында милиция болгусу келип, ал максатына жетпей калса керек. Мен болсо унчукпай кутулар элем. Кийин апаман суранып атып 500 сомго аккордеон саттырып алгам. “алтын табылса да түйөргө түйүнчөк табылбайт”, -дегендей аккордеонду аларын алып, атама көрсөткөндөн коркуп катып жүрдүк. Апам да сатып бердим деп айткандан коркуп, ар кайсы калптын башын айтканга аргасыз болгон. Кийин 1 жылдан кийин апам сатып алып бергенин айтканда урушкан эле. Себеби, ал кезде 500 сом чоң акча болчу. Биздин үйдө да дал ошол мезгилде акча тартыш болсо керек эле. “Аккордеондон башка түйшүгүбүз көп болуп жатса дайыны жок нерсегеакча коротосуңар”,-деп ачууланганы али эсимде.Тилекке каршы ошол апамдын белегин студент кезимде жоготуп алдым. Азыр ошол аккордеонду эстесем дале ичим ачышат. . -Кийин атаңыздын тилеги орундалып балдарынын арасынан милиция чыктыбы? -Жок, эки иним тең башка тармакка кетти. Кийин мен Сыймык байкенин концертине катышмак болдум. Атама чакыруу барагын бердим. Концертке келгенде “Айжамал” деген ырды аткардым. Элдин кол чабуусун көргөндөн кийин атам мени мурдагыдай “ырчы болбой эле кой” дебей калды. -Атаңыз азыр турмуш курдубу? — Апам мен 11-классты окуп аткан жылы айыкпас оорудан улам көз жумган. Атам узак убакыт турмуш курбай, биздин чоңоюп үй-бүлөлүү болушубузду күттү окшойт. Кийин баарыбызды чакырып турмуш курууга уруксатын сурады. Унчукпай макул болдук. Отуздан ашсаң деле атаңды кызгануу сезими баары бир болот экен, ичим тызылдап ачышкансыды. Менден да карындаштарым катттуу кызганышты окшойт. Башында атамдын аялы менен түшүнбөстүктөр болуп жатты, тил табыша албай уруша кетип жатышты. Ошондо бир туугандардын улуусу катары ини-карындаштарымды чогултуп алып: “Атам он жылдан ашык бой жүрдү. Бизди чоңойтуп, тарбиялады. Эми анын да өз жашоосу бар”,-дедим. Бир туугандарым айткандарымды туура кабыл алышты. Азыр баары жакшы. Атам аялы менен өзүнчө жашайт. Катышып турабыз, мамилебиз сый. -Өзүңуздүкүнө окшогон оор тагдырды башынан кечирип аткан балдарды көргөндө, кандай сезим ойгонот? -Боор толгоо сезими ойгонот. Өзгөчө ырчы болом деп урунуп-беринип жүргөн жаш балдарды көргөндө кайдыгер карай албайм. Кээде студияга ээрчитип келип ыр жаздырып жардам берем. БУЛАК: ЛЕДИ.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу