Сапар Исаков кандай шартта кармалып жатканы маалымдалды.

Мурдагы премьер-министр  Сапар Исаков УКМКнын убактылуу кармоо жайында кандай шартта кармалып жатканын Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

Сулаймановдун айтымында, Исаковдон Сулаймановдун орун басары Динара Саякова барып кабар алган.

«УКМКнын убактылуу кармоо жайынын шарты башка жайларга караганда абдан жакшы. Ал жакта кармалып тургандар үчүн жакшы шарт түзүлгөн. Исаков эч кандай даттанууларын айткан эмес», — деди ал.

Сулайманов Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору камактагыларга түзүлгөн шартты гана карай турганын, козголгон кылмыш иштерге кийлигишпей турганын кошумчалады.

Мурунку премьер-министр Сапар Исаков. Архив Сапар Исаковдун эмне мал-мүлкү бар?Декларация

Эске салсак, 5-июнда мурдагы премьер Сапар Исаков Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал «Коррупция» беренеси боюнча айыпталууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тараткан расмий  билдирүүсүнө ылайык,  Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген

БУЛАК: sputnik.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу