ДомойКоомЖүрөк сыры: Жигитимдин айынан 3 жолу аборт жасаттым…

Жүрөк сыры: Жигитимдин айынан 3 жолу аборт жасаттым…

Биздин сайттка  окурмандардан келген каттардын,  ичинен башкалардан өзгөчөлөнгөн Назгүлдүн  окуясы менен (аты өзгөртүлгөн) сиздер менен бөлүшүүнү  чечтик.
Урматтуу окурман азыркы жан сырымды  бөлүшүп,  сиздерден кеңеш күтөм….
Жашым 28, жашаган жерим Бишкек, тигүүчү цехте иштейм

Саламатсыздарбы менин эч ким менен бөлүшө албай турган чоң көйгөйүм бар. Ичиме катып жүрө берип бук болуп кеттим, акыркы кездери жүрөгүм да көп ооручу болду. Жигитим Мырзабек менен сүйлөшкөнүмө быйыл 6 жыл болот. Бири бирибизди жакшы көрөбүз, бирок анын айынан мен 3 жолу медициналык аборт жасаттым… Боюмда болгон учурларда анын үй бүлөсү  мага үйлөнөм десе, болбой коюшкан 3  жолу тең. Себеби анын каражаты жок, үй-жай ал, туруктуу жумуш тап деп ата энеси каршы болуп туруп алышкан. Ошентип билинбестен 6 жыл өтүп кетиптир. Ал дагы деле иш таба элек, ар кайсы майда чүйдө иштерди жасап жүрөт…Экөөбүз үйлөнөбүз десек да, азыр эмнегедир жан дүйнөм бошоп калгандай…Эч нерсенин кызыгы жок, ага болгон сезимдер да өчүп калды. Азыр келечегим кандай болот? Кантип жашайм? Деген суроолор жүрөгүмдү жеп салды. Кээде  өлүп калгым келет. Мен үчүн келечек туңгуюка айланды, эмне кылам? каяка барам?…
Сиздерден кеңеш күтөм сураныч… (аноним)

Булак: oilon.kg

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз:
0702-121100,
0772-121100,
0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда