
150 айылга өзгөчө макам берилет. Өкмөт анын максатын айтты
24-кулжа, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваМинистрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак жана Сарай айыл аймактарында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлерге өнөр жай жана өндүрүштүк объектилерди жайгаштыруу категориясына которуу чечими кабыл алынды.
Өлкөдөгү 150нүн тегерегиндеги айылга өзгөчө макам берилет. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, мындай аракеттер мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттик чек араны бекемдөө, чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүүгө дем берүү, чек ара аймактарында жашаган калктын турмуш шартын жакшыртуу, чек ара аймактарындагы калктын арасында ички миграцияны токтотуу максатын көздөйт.
Маселе Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында каралган.
«Ошондой эле өкмөттүн чечими менен Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак жана Сарай айыл аймактарында жайгашкан айыл чарба багытындагы жерлерге өнөр жай жана өндүрүштүк объектилерди жайгаштыруу категориясына которуу чечими кабыл алынды. Маселен, Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан 1,40 гектар жерге индустриалдык-логистикалык борбор курулат. Долбоорго ылайык, аталган борбор «Достук» чек ара өткөрмө аймагынан 0,86 чакырым аралыкта жайгашат жана анда кампа имараты, көмөкчү чарбалары бар имарат, унаа токтоочу жай, трансформатордук подстанциянын курулушу каралган», — деп айтылат маалыматта.
Булак; Аргумент кж