Коом

15-жаштагы кыз эжесинин күбөлүгү менен төрөп кылмыштуулуктан качкан

Жашы жете элек кыз эжесинин документи менен төрөт үйүнө барып көз жарган. Бул тууралуу Турмуш.кж сайты жергиликтүү кабарчыга таянып жазып чыкты.

Маалыматта, оку ош шаарында катталган. Ушул жылдын 19-августунда Кара-Суу районунун тургуну 206-жылкы жаны жете элек кыз төрөт үйундө көз жарган. Анын жашы жете электигин эч ким билген эмес жана шектенген да эмес.

Ал эми окуя боюнча төрөт үйүнүн башкы дарыгери: «Бизге Кара-Суу районунун 2002-жылы туулган тургуну А.Н. келип, эч жерге каттоого турбаганын айтып, 19-август күнү уул төрөгөн. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктө сүрөтү жок болгон үчүн өзү экен деп эле кабыл алганбыз. Кыздын паспорту жок болгондуктан ымыркайга туулгандыгы тууралуу аныктама берген эмеспиз. Кечээ, 29-сентябрда, тактап айтканда арадан 40 күн өткөндөн кийин кыздын апасы келди. Ал «19-август күнү А.Э. аттуу кызым төрөдү эле, жашы жетпегени үчүн коркуп, эжесинин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен алып келгенбиз. А.Э.нин баласы деп маалым кат жазып бересиңерби?» деди. Биз жашы жете элек кыз төрөгөнүн кечээ билдик. Эжеси да жаш болгондуктан 16-18 жаштагы кыздардын организмде көп деле айырма болбойт. Ошондуктан убагында билбей эле төрөткөнбүз. Кечээ апасы айтканда гана билип, укук коргоо органдарына өткөрүп бердик. Төрөгөндөн кийин эжеси төрөт үйүнөн үйүнө чыгарып кеткен экен. Негизи биз биринчи төрөт үйүнө келгенде тарыхча ачып, эжесинин документи менен каттап, ошону төрөдү деп жазганбыз. Аны соттун чечими менен гана өзгөртө алабыз», — деп билдирүү кылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *