Коом

15 жаштагы Асия Исламова дайынсыз жоголду. Туугандары аны бир жумадан бери издеп жүрүшөт

24-августта Чүй облусунун Ысык-ата районуна караштуу Дружба айылында 15 жаштагы Исламова Асия Исхаровна  изделүүдө.

Маалыматта, кыздын бир тууганы Ибрагим карындашын  кечки тамакка чакырганда, ал үйдө жок болгон. Буга чейин уруксаты жок бейчеки баскан эмес.

«Мен эки күн бою бардык көчөлөрдү кыдырдым, болгон  жакты карадым, тааныштарынан сурадым, тилекке каршы карындашымды эч ким көрбөгөнун айтышууда» — деп билдирет.

Кыздын бир тууганы Асияны көргөн билдендер болсо 0755 72 00 02 номерине чалып кабарлап косун суранат.

Асия биринчи сүрөттөгүдөй узун чаар көйнөк, джинсы куртка жана кара кроссовка кийип жүргөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *