ДомойКоомРоссиянын баш муфтийи Кыргызстанга келет

Россиянын баш муфтийи Кыргызстанга келет

Равиль Гайнутдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында заманбап мечиттин ачылышына катышат.
Россиянын башкы муфтийи Равиль Гайнутдин 31-мартта Кыргызстанга келет. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
«Равиль Гайнутдин Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында 1-апрелде Бишкек шаарынын Осмонкулов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде курулган заманбап «Махмуд ал-Кашгари» мечитинин ачылыш салтанатына катышат. Ошондой эле эки өлкөнүн достук мамилелеринин бекемделиши, дин башкармалыктарынын  кызматташуусу боюнча маалымат жыйынын өткөрөт», — деп айтылат маалыматта.
Мечиттин расмий ачылышы 1-апрелде болот. Ага дин аалымдары, депутаттар жана өкмөттүн өкүлдөрү катышат.

Булак: sputnik.kg

Эгер металлочерепица, профнастил же сайдинг алам десеңиз кийинки номерлерге чалыңыз: 0702-121100, 0772-121100, 0555-121100

Тектеш кабарлар

Эң көп окулууда