Буга чейин Өзбекстандын маалымат каражаттары Самаркандда 13 жаштагы окуучу кыздын боюна бүтүп калганын жазып чыгышкан. Тартип сакчылары кылмыш ишин козгоп, баланын атасын кармашкан. Бул анын апасынын чогуу жашаган досу экени белгилүү болду, деп билдирди Самарканд СТВ телеканалы.

Маалыматка ылайык, кыз эки жыл бою кордук көргөн.

Кыз укук коргоо кызматкерлерине аны апасынын менен беш жылдан бери чогуу жашаган ойношу азгырганын айткан. Кыз классташтарына апасынын жарандык никедеги күйөөсү аны 11 жашынан бери такай зордуктап жүргөнүн жана бул биринчи кош бойлуулук эмес экенин айтып берген. Бул маалымат азырынча расмий тастыктала элек.

Маалым болгондой, мектеп окуучусу ажырашып кеткен апасы жана 16 жаштагы иниси менен 2 бөлмөлүү батирде жашайт. Апасы азыр наркологиялык диспансерде дарыланууда.

Кыз окуган мектептин директорунун айтымында, анын үй-бүлөсү бузулган, апасы тынымсыз ичет.

Кыздын азыр 26 жумалык боюнда бар.

Окуучу кыз боюнда болуп калган шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренесинин 1-бөлүгү (он алты жашка чыга элек адам менен жыныстык катнашка баруу) боюнча кылмыш иши козголду.

Зордуктаган адам бир жылдан үч жылга чейин эркиндигин ажыратылышы мүкүн.