13 жашар кызды зордуктаган аңгини Азамат Ногойбаев таба албай тердеп-кургаганда
03-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева
Гезитибиздин өткөн санында 13 жашар кыздын уурдалып, эки күн бою зордукталганын жазганбыз. Бул каргашалуу окуя 2023-жылдын 8-январь күнү болсо да, ушул убакка чейин аңги кармала элек. Бишкек ШИИБ башчысы Азамат Ногойбаев менен Свердлов РИИБ начальниги Азамат Байгазиев резонанстуу кылмыштын бетин ача албай отурушат, тердеп-кургашып. Жетекчилер жарактан чыгышса, өздүк курам да ошого жараша артка кетет тура. Бишкек шаарында дээрлик тоноо, уурдоо, зордук-зомбулук ж.б. оор кылмыштар ачылбай, коомчулук коркунучта жашап калгандай кооптонуу бар. Өкмөт уйкусурабай борбор калаабызга профессионал, күчтүү кадрды койбойбу? Элибиз карап турат. Качанкыга чейин?..
«Азия Ньюс» гезити