Коом

13 жаш улуу күйөөм мени чөгөлөтүүдө. Баш ийбесем токол алат..

 
 
Сурайын дегеним, араңыздарда өзүнөн улуу адамга турмушка чыккандар барбы? Күйөөм менден он үч жаш улуу. Башында таанышканда артыман аябай ээрчип, жаш баладай болуп сүйүүсүн билдирип, чөгөлөп колумду сурап, жибитип алган. Сүйлөшүп жүргөндө өзүмдөн чоң экени билинчү деле эмес. Себеби, өзүн аябай карайт. Азыр бир нерсе кылганда “сен эч нерсе
билбейсиң” деп көп жемелечү болду. Турмушка чыккандан кийин эле жомок бүтөт экен. Кайын журтуңдун кареги менен тең айланбасаң, балээге кабылып, айтор, келин болуу – капаска түшкөн кушту эле элестетет экен. Өзгөчө жаш кыздар, мага окшоп эрте турмушка чыкканга ашыкпагыла! Анысы аз келгепсип, улуу адамга. Өзүңөр тендүүлөрдү эле тандагыла! Акыркы кезде “токол алам” деп да коркутууда…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *