
Надира Нарматова мыйзамдын арабча атылышына каршы чыкты
23-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЖогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Надира Нарматова “Вакф (вакуф) негиздери жөнүндө” мыйзам долбоорунун аталышына каршы чыкты.
Эл өкүлүнүн айтымында, башка тилди мыйзам долбоорлорунда колдонуу Конституцияга каршы келет.
“Мындай сөз кыргыз тилинде жок. Бизде дин менен мамлекет ажыратылган. Өзүбүздүн мамлекеттик тилибиз, улуттук балуулуктарыбыз бар. “Вакуф” сөзүнүн маанисин кыргызча жазып койсок болот. Башка улуттук тилин таңуулоо туура эмес. Бир сөз аркылуу килтейген бомбаны кыстарып койбогула. Бул мааниге туура келген накта өзүбүздүн сөзүбүз бар. Кайрымдуулук, же соопчулук фонду деп коелу”, — дейт ал.
Надира Нарматова Кыргызстандагы 30 миң коомдук уюмдардын 40 пайызы ансыз деле кайрымдуулук менен алектенерин кошумчалады.
Булак: Аргумент кж