Касиеттүү жерге эстакада жолу салынды

Касиеттүү жерге эстакада жолу салынды

04-тогуздун айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

Кыргызда касиет бар. Муну кыргызмын деп жүргөн каныбузуктар гана бузуп жибербесе, эч ким элдин эзелки канындагы касиетти буза албайт. Таза кандуу кыргыз. Мен улутчул эмесмин, бирок кыргыз болгондон кийин, кийинкисин ойлоп кыргызга күйгөн кыргызмын. Жазууларымда жазып келем, кыргызга Кудайдан аян түшкөн. Ал адамзатынын баатырдык баяны Манас баатыр. Демек, баатырдык кыргыздан башталган. Аңыз кептерде Манас баатырдын сөөгү тогуз тарабы тоо менен курчалган, астынан шаркырап шаркыратма агымы аккан Тогуз-Торонун тоосунун чокусу аталган, жылаңач жайдактуу Жылаңач-Бугу зоосунун түбүнө жашырылган дейт. Тоонун чокусуна чыксаң да, шаркыратманын шар акканы угулуп турат. Бүгүнкү күнгө чейин ал тоонун түбүн Манастын оозу деп келишет. Касиеттүү жер. Баатырдын кабак-кашы, сүрү сезилип турат. Мына ошол Манастын оозуна көркүнө көрк берип өлкөбүздүн эң көрүнүктүү эстакадалык жол, жолго түштү. Кыргызстандын географиялык борбордук сапары болду. Бул жолдо, эми нечендеген кербендер келип, жол жүрөт. Жакшылыкта, той-торополуу ак баталар Манас оозунда болот. Касиетти касиеттей биле жүрүп, көрө билели. «Манас оозуна» жол түшкөндөн баштап, дүйнө жүзүн багындырган дүйнөлүк балбан чемпиондорубуз чыкты. Олимпиадалык чемпиондор дагы чыгат. Бул кыргыз дагы Манас баатырдын жолу. Жолубузду жакшылыкка жоруйлу! Дагы аргументүү кызыктар көп. Аны, анан жазам кыргызым!

Куттумидин Базаркулов