Бул 10 сапат акылдуу айымдарда гана болот

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бул 10 сапат акылдуу айымдарда гана болот

Акылдуу, эстүү айымдар кандай сапатка ээ болушу шарт? Алдыдан таанышып алыңыз.

 

  1. Ал мырза үчүн өмүр сүрбөйт

Мындай айымдардын курбулары, достору, сүйүктүү кесиби жана өзүнүн дүйнөсү болот. Албетте алар мамиле дагы маанилүү аспект деп санашат, бирок ал үчүн жумушун, кызыкчылыгын таштап өзүн инсандык сапатын курмандыка чалбайт.

  1. Таттуу жалганга караганда ачуу чындыкты тандайт

Ал түнү менен телефон коңгуроону күтүп, куру кепке ишене бербейт. Бул айым мырзаны сөүнө эмес, ишине карап баа берет.

  1. Спектакль коюуудан алыс жүрөт

Алар эл алдында кызганычын көрсөтүп, ыйлап, драма жаратканды жактырышпайт. Акылдуу айымдар чыныгы сезимдерин жүрөктүн түбүндө катып коомчулука жарыя кылбайт. Эгерде айым мырзанын жанында дайыма ыйлап жүрсө демек ал анын адамы  эмес.

 

  1. Ал ички туюмун угат

Мындай айым интелект менен гана айырмаланбайт, алар сезимтал, көрөгөч  келишет. Аларды алдап коюуу абдан кыйын болот.

  1. Ал уникалдуу стили менен таң калдырат

Акылдуу айым эч качан моданы кубалабайт, бирок жарашыктуу кийинет. Ал кайсы кечеге кандай кийинүүнү жакшы билет. Ошондуктан ал кайда болбосун элдин назарында.

  1. Анын жашоосунда принциптер бар

Акылдуу айым кайсы жерде компромиске жана ультиматумга барууну билет. Ал чечимди бирөөнүн оюу менен эмес өзүнүн акылы менен кабыл алат.

  1. Алар кечиримдүү келишет

Жаңылбаган адам болбойт деген кепти карманып, ал жолдошун кечирип коет. Башкалардай болуп өткөндү  кайра кайра эстеп чыр чатак салбайт.

  1. Ал өткөндү унутпайт,бирок бүгүнкү күн менен жашайт

Ал ар бир кетирген катадан сабак алууга аракет кылып жашайт. Башынан кандай күн өтсө да келчектен жакшы үмүт кылат.

  1. Ал ден соолугуна кам көрөт

Акылдуу айым ден соолугуна, теринин калыбына жана тамактануусуна кам көрөт. Сулуулуктун биринчи кадамы албетте чың ден соолук эмеспи…

  1. Ал айым экенин унутпайт

Ал ийгилике жетсе да, жерге кулап түшсө да эч качан өзүн назик, камкор, сулуу, кээде таарынчаак, тартынчаак  айым экенин унутпайт.

Булак: oilon.kg

Аргумент.kg